Novosti.kg сайтынын редакциясы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктайт!

Урматтуу novosti.kg сайтынын окурмандары, барыңыздарды кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! 2023-жылда жан дүйнөңүзгө тынчтык, үй-бүлөлүк бакыт жана түгөнбөс энергия каалайбыз.   Кийинки жылы дагы өлкөдө тынчтык, биримдик жана бакубаттуулук сакталсын. Биз менен бирге болуп, маанилүү жаңылыктардан өз маалында кабардар болуңуз.

Жаңы жылдык эс алууларда электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр жарыксыз калбайт

Жаңы жылдык эс алууларда электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр жарыксыз калбайт. Бул тууралуу novosti.kgге Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, бул бардык абоненттерге тиешелүү. Жеңилдиктер 8-январга чейин берилет. Ал эми электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүү 9-январда башталат.

Майрамда «Тазалык» күчөтүлгөн режимде иштейт

Алдыдагы майрам күндөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады. Негизги майрамдык иш-чаралар болгон «Ала-Тоо» аянтында 60 адам жана 7 атайын техника иштейт. «Аянттын бардык периметри боюнча таштанды челектери, анын ичинде 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер орнотулат», — деп… Кененирээк…

Ош шаарында коомдук транспорт бүгүн түнкү 12 жарымга чейин иштейт

Ош шаарында коомдук транспорт бүгүн түнкү 12 жарымга чейин иштейт. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, №1,2 троллейбус жана №143, 155, 122, 125, 138, 107, 109, 112-маршруттук таксилер шаар тургундарын түнгө чейин ташыйт.   Белгилеп кетсек, Оштун борбордук аянтында бүгүн концерттик… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр арзандады

Кыргызстанда бир апта ичинде айрым азык-түлүктөр арзандаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, 21 жана 28-декабрга болгон маалыматтар салыштырылган. Көпчүлүк азык-түлүктүн баасы өзгөргөн эмес, бирок айрымдары кымбаттап же арзандаган. Баасы түшкөн товарлардын тизмеси: 2,5-3,2% майлуулуктагы пастеризацияланган сүт — 69,4 сомдон 68,6 сомго; күн… Кененирээк…

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” клубу менен келишим түздү

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” клубу менен келишим түздү. Аль-Арабия басылмасынын маалыматына ылайык, эки тарап 2025-жылдын жайына чейинки келишимге кол коюшту.   Белгилеп кетсек, “Аль-Наср” клубу атактуу футболчуну өз курамына алууга жалгыз талапкер болду. Буга чейин Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтедде” ойногон.

UWW Жоламан Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандады

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW — грек-рим, эркин жана аялдар күрөшүнүн эл аралык федерациясы) кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны деп тандады. Бул тууралуу федерациянын сайтында маалымдалды.   Шаршенбеков өтүп бара жаткан жылда дүйнөнүн, Азиянын жана Ислам оюндарынын чемпиону болгон. Ар бир… Кененирээк…

Тарыхый-маданий мурас жайларды сактоо боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.   Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети үч айлык мөөнөттө 2023–2027-жылдарга «Көөнө тарых сырлары» тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды… Кененирээк…

Туристтер арасында эң популярдуу шаарлар аталды

Туристтер арасында эң популярдуу шаарлар аталды. Рейтингди британиялык изилдөө компаниясы түздү. Ага ылайык, биринчи орунда Париж жайгашты. Франциянын борбору экинчи жыл катары менен лидер. Экинчи орунда Дубай турса, үчүнчүдө – Амстердам жайгашат.   Тизмеге ошондой эле Рим, Мадрид, Лондон, Мюнхен, Барселона жана Нью-Йорк кирет.  … Кененирээк…

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң аймагында жаңы мектеп колдонууга берилди

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң аймагында жаңы мектеп колдонууга берилди. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталып, анда бардык заманбап шарттар каралган.   Курулуш иштерине 84 миллион сом Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн.