Франция курамасы Антуан Гризманндын жокко чыгарылган голу үчүн ФИФАга даттануу жөнөтөт

Франция курамасы Антуан Гризманндын жокко чыгарылган голу үчүн ФИФАга даттануу жөнөтөт. Чабуулчу кечээ Тунис менен беттештин соңку секундаларында гол киргизген.   Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Бирок арбитр финалдык ышкырыктан кийин VAR системасынын жардамы менен голду жокко чыгарды. Франциянын футбол федерациясы бул катачылык деп эсептейт. Франция… Кененирээк…

Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы болуп 1-декабрдагы жалпы жыйында депутат Чолпон Султанбекова шайланды.   Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 81 депутат макул болуп, экөө каршы добуш берди. Өз сөзүндө Султанбекова моюнуна абдан чоң жоопкерчилик коюлуп жатканын белгилеп,… Кененирээк…

Бишкекте Фере көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкекте Фере көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери жыйынтыкталды.   Бүгүн анын Элебесовдон Дачная көчөсүнө чейинки тилкеси кыймылга ачылды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолго жаңы асфальт катмары төшөлүп, эки тарабына тротуарлар курулду.   Ошондой эле ирригация тармагы жаңыртылды.

Россияга барган кыргызстандыктар кирип келе жаткан жылдын 10-январына чейин бир катар процедуралардан өтүшү керек

Россияга барган кыргызстандыктар кирип келе жаткан жылдын 10-январына чейин бир катар процедуралардан өтүшү керек. Биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинен эскертишкендей, мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.   Ага ылайык, 2021-жылдын 29-декабрына чейин келген чет элдиктер манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүшү керек.   Дипломатлиялык өкүлчүлүк, маселелерди… Кененирээк…

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” футбол клубу менен келишим түзүшү мүмкүн

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” футбол клубу менен келишим түзүшү мүмкүн. Спорт басылмалары бул жакынкы арада ишке ашат деп жазышууда. Келишим 2,5 сезонго эсептелип, футболчу бир сезондо 200 миллион евро алышы күтүлөт.   Бул суммага айлыктан тышкары, жарнамалык келишимдерден киреше дагы кошулган.   Эске салсак,… Кененирээк…

Казакстанда Назарбаев күнүн белгилешкен жок

Бүгүн Казакстанда 2012-жылдан бери биринчи жолу Нурсултан Назарбаевдин урматына арналган күндү мамлекеттик майрам катары белгилешкен жок. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 1991-жылдын 1-декабрында шайланган. «2012-жылы өлкөдө Биринчи президенттин күнү түзүлгөн. 2012-жылдан 2022-жылга чейин мамлекеттик майрам статусунда белгиленип келген. Бирок 2022-жылдын сентябрь айында… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн оюн талаасына “E” жана “F” тобунун командалары чыгат

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн оюн талаасына “E” жана “F” тобунун командалары чыгат. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да Бельгия – Хорватия жана Марокко – Канада беттешет.   Ал эми түнкү саат 1де Испания – Япония, Германия – Коста-Рика курамаларынын футболчулары кийинки этапка чыгуу… Кененирээк…

Ошто дагы жаңы жылга даярдыктар башталды

Ошто дагы жаңы жылга даярдыктар башталды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүн муниципалитет кызматкерлери балатыны орнотууга киришти. Учурда темир каркас тургузулуп жатат.   Токой сулуусунун бийиктиги   29 метрди түзөт. Бул өлкөдөгү эң бийик балаты болот. Ош шаарын жаңы жылдык кооздоо иштери декабрдын ортосуна чейин созулат.… Кененирээк…

Кыргызстанда соода тармагындагы жеке ишкерлер 1-январдан тарта   электрондук товар-унаа коштоочу кагазын колдонушу керек

Кыргызстанда соода тармагындагы жеке ишкерлер 1-январдан тарта   электрондук товар-унаа коштоочу кагазын колдонушу керек. Бул үчүн бизнесмендер мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы жеке кабинеттен каттоодон өтүшү зарыл.   Ведомстводон белгилешкендей, электрондук коштоочу кагаз бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, ишкерлер башка өнөктөштөрү менен документтерин ыкчам түрдө алмаша алат.… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште мугалимдерди кемсинтүү үчүн жаза жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Жогорку Кеңеште мугалимдерди кемсинтүү үчүн жаза жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Буга чейин мындай аракет үчүн мектеп окуучуларына же алардын ата-энелерине айып салуу сунушталган.   Бирок кийин депутаттар мугалимди кемсинткендерге оозеки же жазуу түрүндөгү эскертүү жетиштүү деген чечимге келишти. Буга райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн… Кененирээк…