Кыргызстандыктар Казакстандын Экибастуз шаарына жардам жөнөтө башташты

Кыргызстанда Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарынын тургундарына жардам чогултула башташты. Демилге көтөрүп чыккан экоактивист Исмаил Карыпов алты күндөн бери ызгаардуу суукта адамдар кыйналып жатканын, аларга жылыткыч жөнөтүү керектигин жазган.   Андан кийин ал Казакстандагы тааныштары менен сүйлөшүп, Астанага акчалай жөнөтсө туура болот деген чечимге келгенин,… Кененирээк…

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынган жерлердин тизмеси кеңейди

31-декабрга чейин Бишкектин бир катар жерлеринде митинг уюштурууга тыюу салган чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, аталган райондун акимчилигинин арызын канааттандырды. Натыйжада төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды: «Ала-Тоо» аянты жана Эркиндик бульварынын Линейная (темир жол бекети тараптан башталат) көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;… Кененирээк…

Медициналык ЖОЖдорду ачууга убактылуу мораторий алына элек

Кыргызстанда медициналык багыттагы менчик жогорку окуу жайларды ачууга убактылуу мораторий жарыяланган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Бообекова бүгүн, 2-декабрдагы басма сөз жыйынында айтты. «Азыркыга чейин ачылган жогорку окуу жайлар билим берүү сапатын жакшыртууга аракет кылып жатат. Клиникалык… Кененирээк…

Мануэль Нойер дүйнө чемпионаттарындагы оюндардын саны боюнча рекорд орнотту

Германия курамасынын дарбазачысы жана капитаны Мануэль Нойер дүйнө чемпионаттарындагы оюндардын саны боюнча рекорд орнотту. Коста-Рикага каршы беттеш голкипердин карьерасындагы 19-оюн болду.   Муну менен ал өз жердеши Зепп Майер жана бразилиялык Клаудио Таффарелди артта калтырды. Алар мундиальда жалпысынан 18ден беттеш өткөргөн.   Бул рекорд 48… Кененирээк…

Астанада Айкөл Манастын эстелиги орнотулат

Айкөл Манастын эстелиги Астана шаарына орнотулат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди.   Ал өлкө башчысына эстеликти орнотуу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат берип, анын эскизинин долбоорун сунуштады. Макулдашуу Кыргызстан менен Казакстандын… Кененирээк…

Мундиаль жаңылыктарынан

Бельгиянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Роберто Мартинес кызматынан кетти. Кечээ команда Хорватия фуболчуларын ута алган жок, ал эми катар оюнда Марокко Канаданы утуп алды.   Муну менен Бельгия тайпа ичинде үчүнчү орунга жайгашып, сенсациялык түрдө турнирден четтеди.   Бирок машыктыруучунун отставкасы анын шакирттеринин утулуп… Кененирээк…

Ноокат районунда жаңы мектеп пайда болот

Ноокат районунда жаңы мектеп пайда болот. Иштерге тендерди облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Мектеп 225 окуучуга чакталып, Арал айылында жайгашат.   Объектти тургузууга 115 миллион сом каралган. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү – 2 жыл.

Кыргызстанда айрым жапайы жаныбарларга мергенчиликке тыюу салынат

Кыргызстанда айрым жапайы жаныбарларга мергенчиликке тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Медетбек Маметов билдирди.   Анын айтымында, эми камандарга, Марко Поло койлоруна, эликтерге, деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктиктеги карышкырларга, тоо аркарларына жана уларларга аңчылык кылууга болбойт.   Мындай тыюуну 2023-жылдан 2026-жылга… Кененирээк…

Кыргызстандык футболчулар жыл ичиндеги спорттук жетишкендиктери үчүн сыйланат

Кыргызстандык футболчулар жыл ичиндеги спорттук жетишкендиктери үчүн сыйланат. Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, иш-чара 7-декабрда өтөт.   Сыйлыктар 10 номинация боюнча берилет, алардын арасында “Мыкты футболчу”, “Футзал боюнча мыкты оюнчу” жана “Мыкты машыктыруучу” наамдары бар.

Оштун “Ак-Тилек” кичи районунда жаңы бала бакча пайда болот

Оштун “Ак-Тилек” кичи районунда жаңы бала бакча пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялангандай, тендерди капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   75 орундуу бакчанын курулушуна дээрлик 87 миллион сом бөлүнөт. Имараттын курулушу качан башталып, качан бакча колдонууга бериле турганы такталбайт.