Каналдарды жана суу чарба курулуштарын оңдоо иштери 25-декабрга чейин аяктайт

Кыргызстанда каналдарды жана суу чарба объектилерин оңдоо иштери 25-декабрга чейин аяктайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди. Анын айтымында, учурда адистер тарабынан 100 чакырымдан ашык каналдар жаңыланып, тазаланды. Мындан тышкары жүздөгөн гидротехникалык курулуштар, насостук станциялар, агрегаттар жана коллектордук-дренаждык… Кененирээк…

“Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ишканасы кышка расмий даяр

“Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ишканасы кышка расмий даяр. Компаниянын бардык филиалдары тиешелүү паспортторду алышты. Бул документ кыш мезгилинде энергетика тармагынын ишенимдүү жана туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттардын аткарылышын тастыктайт. Паспорт алуу үчүн ишканалар жабдууларды, көмөкчордондорду жана электр линияларын жаңыртышты. Мындан тышкары имараттарды, курулуштарды жана… Кененирээк…

Экс-президенттердин артыкчылыктарын кыскарткан мыйзам долбоору жактырылды

Кыргызстанда экс-президенттердин артыкчылыктарын кыскарткан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети карады. Документте жаңы шайланган мамлекет башчы кызматына киришкенден тарта экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциядагы үйдү пайдаланууну токтотушу керектиги жазылган. Андан… Кененирээк…

Катар-2022: Бүгүн чейрек финалдын жуптары аныкталат

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн чейрек финалдын жуптары аныкталат. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да оюн талаасында Марокко менен Испаниянын курама командалары беттешет. Түнкү саат 1де Португалия менен Швейцариянын оюну болот. Буга чейин жарым финалга жолдомо үчүн ат салыша турган үч команда аныкталган. Алар Хорватия… Кененирээк…

Кыргызстан учурда өлкөгө келе турган чет элдик инвесторго үч нерсе сунуштап жатат

Кыргызстан учурда өлкөгө келе турган чет элдик инвесторго үч нерсе сунуштап жатат. Алар боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев төмөнкүлөргө токтолду: “Биринчиси импортозамещение. Экинчиси бул обратный ГЧП механизми. Ири компанияларга болсо эмне сунуштап жатабыз? Санкциялардын айынан Россияга көп товарлар кире албай жатат. Бирок… Кененирээк…

Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Маалыматка ылайык, борбор мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиевге таандык имаратта жайгашат. Ал 100 орунга чакталган.

Австралия менен Түштүк Африкада дүйнөдөгү эң чоң радиотелескоптун курулушу башталды

Австралия менен Түштүк Африкада дүйнөдөгү эң чоң радиотелескоптун курулушу башталды. Обсерватория космоско байкоо жүргүзүү үчүн 100 миңден ашык антеннаны колдонот, деп жазды эл аралык басылмалар. Күтүлгөндөй, жаңы радиотелескоп адистерге алгачкы жылдыздар менен галактикалар кантип жана качан пайда болгонун билүүгө жардам берет. Мындан тышкары, ал кара… Кененирээк…

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу жарандардын үлүшү азаюуда

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу жарандардын үлүшү азаюуда. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, мындан беш жыл мурун жалпы калктын 58,5 пайыздан бир аз ашыгынын толук иштөө мүмкүнчүлүгү болгон. Былтыр бул көрсөткүч дээрлик 57 пайызды түзгөн. Адистер мунун себебин өлкөдөгү төрөттүн төмөндөшү менен байланыштырышууда.

Кытай Кыргызстандан органикалык тамак-аш сатып алууга даяр

Кытай Кыргызстандан органикалык тамак-аш сатып алууга даяр. Novosti.kgге инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдиргендей, бул боюнча учурда коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Башка өлкөлөргө бербеген артыкчылыкты Кытай Кыргызстанга бергенге мажбур болуп жатат. Азыр жети товардык позиция Кытайга ачык. Андай позицияны Кытай башка… Кененирээк…

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлат

Бийлик “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин жоёт. Каржы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаевдин айтымында, уюмдун капиталы үч миллиард сомдон ашты. Чиновник белгилегендей, 700 миллион сомдон башка каражаттын дээрлик баары бюджетке кайтарылат. Бул акча милдеттенмелерди жабуу үчүн керек. Тактап айтканда, иш процессинде холдинг кендерди иштетүүгө лицензия алган,… Кененирээк…