Элдик курултайдын резолюциясы Жогорку сотко расмий тапшырылды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевди кабыл алды. 7-декабрдагы жолугушууда Кошалиев курултайда кабыл алынган резолюцияны расмий тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттон кабарлашты. Элдик курултайдын резолюциясында Башкы прокуратура менен Жогорку сотко сөз эркиндиги жана камалгандар боюнча сунуш айтылган. Анда… Кененирээк…

Жаңы өнөр жай ишканалары беш жылга салык төлөөдөн бошотулушу мүмкүн

Кыргызстанда жаңы өнөр жай ишканалары беш жылга салык төлөөдөн бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, алтынчы же жетинчи жылда ишканалар 50 пайыз төлөп, сегизинчи жылдан баштап толук салык базасына өтөт. Бул норма Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө каралган. Документ парламенттин кароосуна… Кененирээк…

Кыргызстанга келген чет элдик инвестициянын агымы дээрлик эки эсеге өстү

Быйыл Кыргызстанга келген чет элдик инвестициянын агымы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, январдан сентябрга чейин өлкөгө 958 миллион доллар түшкөн. Бул акчанын негизги үлүшү же болжол менен 96 пайызы пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана… Кененирээк…

ФИФАнын президенти Катардагы дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычына баа берди

ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Катардагы дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычын тарыхтагы эң мыкты деп атады. Ал оюндар мыкты сапатта жана супер стадиондордо ойнолуп жатканын белгиледи. Күйөрмандардын колдоосу да функционердин көз жаздымында калган жок. Орто эсеп менен ар бир беттеште 50 миңден ашык күйөрман болгон. ФИФАнын башчысы… Кененирээк…

Кыргызстанда чочко тумоосунун 34 учуру катталды

Ушул жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 34 учур катталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, октябрь айынан баштап ушул убакка чейин көзөмөл стационарларына медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардан сасык… Кененирээк…

Жапаров: жыл аягына чейин Баткендеги 150 үйдүн курулушу аяктайт

Жыл аягына чейин Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусундагы 150 үйдүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы үйлөрдүн курулушуна бюджеттен жалпысынан 1 миллиард сом бөлүнгөн. Сентябрдагы куралдуу кагылыштан Баткендеги айылдарда 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын… Кененирээк…

Жаңы жылдык жасалгага Ош шаардык мэриясы дээрлик 3 млн сом сарптайт

Жаңы жылга карата аянтты жасалгалоого Ош шаардык мэриясы тарабынан дээрлик 3 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды. Учурда түштүк калаанын борбордук аянтына 28 метр бийиктиктеги балатыны орнотуу иштери башталды. Жумуштар 20-декабрга чейин аягына чыгышы керек. Балаты жандыруу аземи да ошол эле… Кененирээк…

Илон Маск планетадагы эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунду жоготту

Америкалык ишкер Илон Маск планетадагы эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунду жоготту. Рейтингди француз ишкери Бернар Арно жетектегенин Forbes басылмасы жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, Масктын байлыгы 184 миллиард долларга бааланса, Арно жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү 185 миллиард долларды түзөт. Арного таандык компания ар… Кененирээк…

Баткен районунда тарых музейи курулат

Баткен районунун Кара-Булак айылына тарых музейинин имаратын куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Курулуштун пландалган суммасы 26 миллион сомдон ашат. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 21-декабрга белгиленген.

Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууну жокко чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууну жокко чыгаруу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте каралып жатат. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдиргендей, буга чейин эркектер 60 жашында, ал эми аялдар 55 жашында пенсияга чыга алчу. Азыр министрлер кабинети бул норманы алып салуу сунушун киргизди. Кийинки жумада мыйзам долбоорун… Кененирээк…