Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларга техникалык жардам көрсөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушту. ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Шабданбек Алишев, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу катышты. Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда достук жана… Кененирээк…

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун курууга россиялык компаниялар катышат

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушуна россиялык компаниялар катышат. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, келишимге Бишкек инвестициялык саммитинин алкагында кол коюлду. Документ тараптардын кызматташтыгынын негизги багыттарын, формасын жана шарттарын аныктайт. Долбоордун биринчи этабында 63 чакырымды түзгөн Балыкчы-Кочкор бөлүгүн куруу каралган. Белгилеп кетсек, жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн… Кененирээк…

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити аяктады

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыл жыйынтыгын чыгарган саммити аяктады. Анын соңунда президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, жыйында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынганын билдирди. Белгилеп кетсек, быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылды жана эмдиги жылдан тартып төрагалык Россияга өтөт.

Ош аэропортунда бардык каттамдар жандады

Ош аэропортунда бардык каттамдар жандады. Novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аба майдан штаттык режимде иштеп жатат. Эске салсак, бүгүн эрте менен түштүк калааны каптаган коюу туманга байланыштуу ички жана тышкы каттамдардын убактысы өзгөртүлгөн. Рейстер дээрлик сегиз сааттан кийин жанданды.

Кыргызстанда багар-көрөрү жок балдарга пенсия төлөө курагы жогорулайт

Кыргызстанда багар-көрөрү жок балдарга пенсия төлөө курагы жогорулайт. Бул боюнча кененирээк Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди: “Ата-энесинен айрылып калган балдарга 16 жашка чейин пенсия төлөнчү. Азыр ошону 18 жашка чейин жылдыралы деп жататбыз. Анан эгерде окуу жайга тапшырып, заочно окуса биз пенсия төлөбөйбүз… Кененирээк…

Иш менен камсыз болгон үчүнчү топтогу майыптардын пенсиясы жогорулайт

Өлкөдө иш менен камсыз болгон үчүнчү топтогу майыптардын пенсиясы жогорулайт. Бул тууралуу Novosti.kgге Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. “Булар иштегенге мүмкүнчүлүгү бар да. Иштеп жаткан учурда айлыгын алат дагы сен иштеп жатасың деп пенсиянын 50 пайызын эле төлөп берип коет. Ошону толугу менен төлөп… Кененирээк…

Кыргызстанда жарандарга паспорт менен гана пенсия чегерүү сунушталууда

Кыргызстанда жарандарга паспорт менен гана пенсия чегерүү сунушталууда. Тагыраагы, мындан ары мурдагыдай толгон-токой документтерди чогултуунун зарылчылыгы болбойт, — деп билдирди Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев: “Баары эле өмүр бою чогултпайт да документтеринчи. Пенсияга чыгарда гана ошол документтер керек экенин эстешет да анан издеп башташат. Көп… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү мындан ары баарына бирдей төлөнөт

Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү мындан ары баарына бирдей төлөнөт. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда каралууда. Бул боюнча Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев төмөнкүлөргө токтолду: “Пропорционально көтөрүп жатпайбызбы. Кээ бирөөнүн базалык бөлүгү 800 сом болуп калып жатат, кээ бирөөнүкү 1200 сом болуп… Кененирээк…

Ош аэропортунда бардык каттамдардын убактысы жылдырылды

Ош аэропортунда бардык каттамдардын убактысы жылдырылды. Novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мунун себеби калааны каптаган коюу туманга байланыштуу. Маалыматка ылайык, учурда Оштон Бишкекке келиши керек болгон беш ички жана үч эл аралык каттамдын учуу убактысы өзгөртүлдү. Ошондой эле, Сургуттан учуп келе… Кененирээк…