Криштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын улантат

Криштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын улантат.  37 жаштагы футболчу учурда мыкты формада эместигин мойнуна алганы менен, командадан кетүү ниети жок экенин белгиледи.   Ал улуттук курамада 2024-жылкы Европ чемпионатына чейин калат. Эске салсак, 10-декабрда Португалия курамасы Марокко футболчуларына утулуп, дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыга албай… Кененирээк…

Кыргызстанда бир сутка ичинде курч респиратордук вируска кабылуунун  9,5 миң учуру катталды

Кыргызстанда бир сутка ичинде курч респиратордук вируска кабылуунун  9,5 миң учуру катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, бул буга чейинки күнгө салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсе көп.   Ведомстводон белгилешкендей, окуучулардын 20 пайызы ооруп сабакка келбей калса, мектеп карантинге жабылат.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, бардык мектептерди… Кененирээк…

Лионель Месси финалдан кийин курамадагы карьерасын жыйынтыктайт

Аргентинанын чабуулчусу жана капитаны Лионель Месси финалдан кийин курамадагы карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу форвард бүгүн жарыялады. Месси белгилегендей, дүйнөлүк турнирлердин алкагында финалдык беттеш ал үчүн акыркысы болот.   Эске салсак, Аргентина курамасы түндө Хорватияны 3:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.   Башкы кубокко атаандашы бүгүн… Кененирээк…

Милиция Бишкек көчөлөрүндө күн сайын кайгуул жүргүзөт

Милиция Бишкек көчөлөрүндө күн сайын кайгуул жүргүзөт. Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мындай тартип бузууларды алдын алуу жана майрамдардын алдында коомдук коопсуздукту камсыздоого байланыштуу.   Жөө кайгуул декабрдын аягына чейин созулат.

Кыргызстанда пенсиялык реформадан кийин орточо пенсиянын суммасы  15 пайызга жогорулайт

Кыргызстанда пенсиялык реформадан кийин орточо пенсиянын суммасы  15 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте билдирди.   Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 1 — 1,5 миң сом пенсия алгандар бар.  Учурда ушул минималдык пенсияны оптималдаштыруу иштери жүрүп жатат. Андан кийин эң төмөнкү… Кененирээк…

Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө башталат

Кыргызстанда жугуштуу вирустук гепатит оорусунун В түрүнө карата акысыз эмдөө башталат. Бул тууралуу 14-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Россия Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азиядагы инфекциялык оорулар менен күрөшүү боюнча программасынын алкагында Кыргызстанга гепатиттин В түрүнө каршы 450 миң доза вакцина берди. Бул… Кененирээк…

Бийлик казино иштетем дегендер кандай салык төлөй турганын айтты

Экономика министрлиги казинодогу оюн столдору үчүн кандай салыктар салынарын айтып берди. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик өлкөнүн Салык кодекси 62-глава менен (кумар оюндары боюнча ишмердүүлүккө салык) толукталганын эскертти. Анын 453-беренесинде төмөнкүдөй сумма каралган: казинодогу 1 оюн столу үчүн: 2022-жылы — 750 миң… Кененирээк…

Франция жана Марокко бүгүн дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу укугун талашат

Франция жана Марокко бүгүн дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу укугун талашат. Француздар, белгилеп кетсем, азыркы дүйнө чемпиондору. Дидье Дешамдын тарбиялануучулары 60 жылдан бери алкачкы ирет планета биринчилигинде титулун сактай алган курама болоруна 1 кадам калды.   Ал эми Марокко футболчулары тууралуу айта турган болсок, алар –… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда эл аралык спорт комплекс пайда болот

Ысык-Көл облусунда эл аралык спорт комплекс пайда болот. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, объект жыл бою иштейт. Анда улуттук командалардын мүчөлөрү жана  башка спортчулар спорттун 30 түрү боюнча малышып, кайра калыбына келтирүүдөн өтө алат.   Курулуш иштери келе жаткан жазда башталат.   Долбоорду ишке ашыруунун болжолдуу… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги эпидемиологиялык абал курчуп турганда окуу процессин уюштуруу боюнча колдонмо иштеп чыкты

Билим берүү министрлиги эпидемиологиялык абал курчуп турганда окуу процессин уюштуруу боюнча колдонмо иштеп чыкты.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде жергиликтүү сан-эпидем көзөмөл борборунун корутунусунун жыйынтыгы менен мектеп жана бала бакчалар карантинге жабылат. Анын ортосунда, билим берүү онлайн-форматта улана берет.   Инфекциялык вирустарды жайылтууну алдын… Кененирээк…