Кыргызстанда жакынкы 4 жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн планы иштелип чыкты

Кыргызстанда жакынкы 4 жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн планы иштелип чыкты. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун башчысы Санжар Болотовдун айтымында, долбоорлордун жалпы суммасы 100 миллиард сомго жетет.   Каражаттын басымдуу бөлүгү энергетика, транспорт, муниципалдык кызматтар жана саламаттыкты сактоо тармактарына багытталат.   Болотов белгилегендей, эң ири долбоорлор — Төө-Ашуу ашуусунда… Кененирээк…

Сокулук районунун жашоочуларына 9 тоннадан ашуун кумшекер таратылат

Бүгүн, 15-декабрда “Кошой” ААК заводунда социалдык жактан аз камсыз болгондор үчүн гуманитардык жардам акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анда Шопоков шаарынын жана Сокулук районунун жашоочуларына кумшекер таратылууда. Бир адамга 10 кг шекер берилет. Жалпы 9 тоннадан ашык… Кененирээк…

УКМКнын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 15-декабрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.   Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Талас облусунун башчысы Бактыбек Нарбеков, Талас районунун башчысы Нургазы Нармырзаев, ошондой эле… Кененирээк…

Бишкек мэриясы таштанды маселесин жоюу үчүн жаңы техника сатып алды

Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасы үчүн жаңы техника сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.   Ал бүгүнкү күндө таштанды чыгаруу боюнча маселе курч бойдон калып жатканын моюнга алып, атайын техникаларды сатып алуу менен бул көйгөй чечилерине ишендирди.   “2015-жылдан… Кененирээк…

Кикбоксчу Адилет Улан уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Адилет Улан уулу Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спортчу 60 кг салмак категорияда К-1 дисциплинасында күчүн сыноодо. Алгачкы беттешинде казакстандык балбанды жеңген. Финалда Өзбекстандык спортчу менен күч… Кененирээк…

Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат

Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, объекттин кубаттуулугу 200 мегаватты түзөт.   Адистер станцияны куруу алдына жер тилкесин Ысык-Көл, Баткен облустарында жана Токтогул ГЭСинин аймагынан караштырып жатат. Аймактарды изилдөө иштери 4 айды талап кылат.   Компания курулушка… Кененирээк…

Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү

Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү.   Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин 509 мектеп, 168 бала бакча карантинге жабылган болчу. Белгилеп кетсек, ооруларды алдын алуу… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине Карим Бензема дагы оюн талаасына чыгышы мүмкүн

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине Карим Бензема дагы оюн талаасына чыгышы мүмкүн. “Реал Мадрид” клубу форвардына оюн талаасына чыгууга уруксат берди.   Эми ал финалдык беттеште курамага кошулушу толук мүмкүн. Франция жеңишке жетсе, Бензема дагы алтын медалга ээ болот, анткени ал алган жараатына карабай,… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларды карантинге жабууга негиз жок

Кыргызстанда жогорку окуу жайларды карантинге жабууга негиз жок. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди. Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык абалга байланыштуу 4 кеспитик лицей жабылды.   Ал эми университеттер кадимки тартипте иштеп жатат. Студенттердин 20 пайыздан ашыгы окууга келбей калса, ЖОЖду жабуу… Кененирээк…

Евразиялык экономикалык бирикменин өлкөлөрүнөн келген мигранттарга Россияда жүрүү шарттары жеңилдетилет

Евразиялык экономикалык бирикменин өлкөлөрүнөн келген мигранттарга Россияда жүрүү шарттары жеңилдетилет. Тиешелүү өзгөртүүлөр Евразиялык экономикалык бирикме жөнүндө келишимине киргизилди.   Ага ылайык, педагогикалык жана юридикалык тармактардагы квалификациялар жөнүндө документтерди, окумуштуу наамдарын таануу пландалууда.   Иштеп жаткан мигранттар өлкө аймагына кирүү максатын андан чыкпастан өзгөртө алат. Евразиялык… Кененирээк…