Лейлекте милиция чек арага жакын аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн, 16-декабрда Лейлекте чек арага чектешкен аймактарда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу, Кайрагач, Лайлы, Андархам, Чүрбек, Бешкент айылдарында жана Бешкенттеги базарда элдер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,… Кененирээк…

Өлкөдө мыкты делген 70 студентке Садыр Жапаров стипендия тапшырды

Бүгүн, 16-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.   Республиканын мыкты студенттери мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты. Президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттердин тизмеси… Кененирээк…

Декларацияда мүлкүн көрсөтпөгөн мамлекеттик кызматкерлер айыпка жыгылды

Башкы прокуратура Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинин авиациялык персоналды сертификациялоо бөлүмүнүн улук инспектору (Т. А. А.) салык декларациясында үч автоунаасын жана бир айдоо жерин көрсөтпөгөндүктөн беш миң сом айыпка жыгылганын билдирди.   Башкы көзөмөл органы андан тышкары Жерде жүрүүчү транспорт департаментинин жана “Түндүк” темир жол, “Манас”,… Кененирээк…

Улуттук банк көчмө жыйынын Баткенде өткөрдү

Улуттук банк Баткенде өлкөдөгү каржылык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңири көчмө жыйын өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 15-декабрда өткөн жыйынга коммерциялык банктардын, каржы-насыя уюмдарынын Кыргызстандын банктар союзунун, Чакан каржы уюмдар ассоциациясынын, Кепилдик фондунун, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.   Баткен жана Ош… Кененирээк…

Лионель Месси финалдык беттешке карата өткөрүлгөн машыгууларга катышкан жок

Лионель Месси финалдык беттешке карата өткөрүлгөн машыгууларга катышкан жок. Мунун мүмкүн болгон себеби катары футболчу бутун кокустатып алганы айтылууда.   Бирок Месси кубок үчүн башкы беттешке катышат. Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюну ушул жекшемби, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да өтөт. Анда… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунда абаны булгаган автобустар жана маршруттук таксилер текшерилет

Бишкек жана Чүй облусунда абаны булгаган автобустар жана маршруттук таксилер текшерилет.   Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кайгуул кызматы жана Экотех инспекциянын кызматкерлери атайын жабдуулар менен унаалар чыгарган түтүндү жана катализаторлорду текшерип жатат.   Зыяндуу заттарды нормадан жогору бөлүп чыгарган… Кененирээк…

Португалия курамасы башкы машыктыруучусун кызматтан кетирди

Португалиянын футбол боюнча курамасы башкы машыктыруучу Фернанду Сантушту кызматтан кетирди. 68 жаштагы адис менен келишим 2024-жылга чейин болчу. Эки тарап аны мөөнөтүнөн мурда бузууга макулдашты.   Эске салсак, Португалия курамасы дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Марокко футболчуларына 0:1 эсебинде утулуп, турнирден четтеди. Сантуш кураманы    2014-жылдан… Кененирээк…

Кыргызстанда аялдардын ишкердүүлүгү мыйзам чегинде бекитилет

Кыргызстанда аялдардын ишкердүүлүгү мыйзам чегинде бекитилет.   Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Анын айтымында, өлкодө аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты.   Бирок түшүнүк стратегиялык документтерде гана көрсөтүлгөн. Андыктан, бийлик учурда аны мыйзамга киргизүү аракетин көрүп жатат.

Кыргызстанга Абу-Даби шаарынын эркин экономикалык аймагынан деңизге мүмкүнчүлүк ачуу үчүн жер тилкеси бөлүп берилди

Кыргызстанга Абу-Даби шаарынын эркин экономикалык аймагынан деңизге мүмкүнчүлүк ачуу үчүн жер тилкеси бөлүп берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, аймактын жалпы аянты 30 гектардан ашат.   Эркин экономикалык аймак Халифа портунун жанында жайгашкан. Жер тилкеси логистикалык борборду, бажы аймагын колдонуу жана өнүктүрүү үчүн бөлүндү.   Андан… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү чечим чыгарса, мектептердеги карантин узартылат

Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү чечим чыгарса, мектептердеги карантин узартылат. Бул тууралуу мектеп саясаты жана китеп чыгаруу башкармалыгынын жетекчиси Самаркүл Умралиева билдирди.   Анын айтымында, азырынча мектептер 24-декабрга чейин онлайн форматта билим берүүнү уланта берет.   Эске салсак, балдар арасында курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун… Кененирээк…