Баткендин Кулунду айылында мамлекеттик банктын сактык кассасы ачылды

Баткен облусун колдоо жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында Кулунду айылында мамлекеттик банктын сактык кассасы ачылды. Банктан билдиришкендей, бөлүмдүн салтанаттуу ачылышы бүгүн болду. Бөлүмдө банктык кызматтардын бардык спектрин (төлөм карталарын, депозиттерди ачуу, кредиттерди берүү, мамлекеттик бюджетке төлөмдөр, ички жана эл аралык которуулар жана… Кененирээк…

Индия Кыргызстандын жарандарына электрондук виза берүүнү жандантты

Индия Кыргызстандын жарандарына электрондук виза берүүнү жандантты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, процедура 2020-жылы коронавирустук пандемияга байланыштуу токтотулган. Учурда Кыргызстандын жарандары электрондук бизнес-визасын, конференцияга катышуу визасын, бейтаптын жана аны коштоп жүргөн адамдардын медициналык визасын, ошондой эле туристтик визаны ала алышат. Тиешелүү эрежелер менен элчиликтин расмий… Кененирээк…

ИИМ бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипке өттү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өздүк курамы бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипке өттү. Мындай чара алдыдагы жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу. Тагыраагы, милиция кызматкерлери республиканын жолдорундагы кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо аракетин көрүшөт. Мындан тышкары, жол эрежесин бузгандарды аныктоо боюнча рейддер өткөрүлөт.

Мектептердеги карантинди узартуу чечими ушул жуманын аягында белгилүү болот

Мектептердеги карантинди узартуу чечими ушул жуманын аягында белгилүү болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомство эпидемиологиялык абалга мониторинг уланып жатканын белгилейт. Тиешелүү жыйынтыкты санэпидем департаменти чыгарышы керек. Кыргызстанда курч респиратордук вирус жуктургандар жана сасык тумоого кабылгандардын 68 пайызы 14 жашка… Кененирээк…

Кыргызстанда Улуттук банктын атын колдонгон шылуундар көбөйдү

Кыргызстанда Улуттук банктын атын колдонгон шылуундар көбөйдү. Мындан улам өлкөнүн башкы каржы мекемеси жарандарды сак болууга чакырат. Белгиленгендей, эч кандай шартта жеке маалыматты, картанын номерин, анын мөөнөтү качан бүтөрүн, ПИН-коддорду жана кодду тастыктаган билдирүүлөрдү чоочун адамдарга бөлүшпөө керек. Такталбаган шилтемелерди баспагыла, ал жерге өзүңөр тууралуу… Кененирээк…

Россиядагы кыргыз элчилиги миграциялык талаптар жөнүндө дагы эскертти

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги миграциялык талаптарга байланыштуу бул өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарына дагы кайрылды. Анда былтыр жыл аягына чейин келген мигранттар 2023-жылдын 10-январына чейин бармак изин каттоодон өткөрүп, сүрөткө түшүүдөн жана медициналык кароодон өтүшү керектиги айтылат. Ошондой эле, 1-8-январь күндөрү майрам болгондуктан тийиштүү иштерди ушул жагдайды… Кененирээк…

Карим Бензема Франция курамасынан кетиши мүмкүн

Быйыл «Алтын топту» алган француздардын жылдыздуу чабуулчусу Карим Бензема улуттук командадагы карьерасын аякташы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик журналисттер жазышууда. Маалыматка ылайык, мындай чечимге башкы машыктыруучу Дидье Дешам менен болгон конфликт себеп болушу мүмкүн. Бенземанын президент Эммануэль Макрондун Катарга команданы колдоо үчүн келүү сунушунан баш… Кененирээк…

Кыргызстандык волейболчулар зоналдык Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасында өтө турган (U-23) волейбол боюнча зоналдык Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 19-28-декабрь күндөрү Дака шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси: 1. Жантемир Жээнбек уулу; 2. Нурислам Медетбек уулу; 3.… Кененирээк…

Мамлекеттик делегациялардын чет жакка сапарлары үчүн жаңы учак сатып алынат

Мамлекеттик делегациялардын чет жакка сапарлары үчүн жаңы учак сатып алынат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматына ылайык, менчик учакты лизингге алуу иши аяктап жатат. Белгиленгендей, буга чейин бардык учуулар жеке компания ээси менен макулдашуунун негизинде акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын… Кененирээк…

Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасына төрагалыкка шайланды

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтүп, көпчүлүк добуш менен мурдагы премьер-министр Темир Сариев шайланды. Шайлоо маалында дагы бир талапкер, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов өзүнүн программасы менен тааныштыргандан кийин бул уюм «жаңы пикирлерге, жаңы ойго жана… Кененирээк…