Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке кирди

Кыргызстан 2022-2023-жылкы кыш мезгилине Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегаты менен кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын сыноо ийгиликтүү аяктап, номиналдык кубаттуулугу 360 МВт болгон топтому менен 15 күн сыноодон өттү. Агрегаттын ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, ишке… Кененирээк…

Япониялык компания Кыргызстанда чакан ГЭС курат

Япониялык компания Кыргызстанда чакан ГЭС курат. Тиешелүү меморандумга кол коюлганын Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ГЭС Каракөл шаарында жайгашат. Гидроэлектрстанция куруу боюнча долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу пландалууда. Белгилеп кетсек, былтыркы жылы Энергетика министрлиги өлкө аймагында 48 чакан ГЭС курууга ниеттенген 20 компанияга күбөлүк берген.

Чек ара: жабыркагандардын 27,6 млн сом насыясы жоюлду

Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облусунун тургундарынын 27 миллион сомдон ашуун суммадагы 344 насыясы жоюлду. Улуттук банктын маалыматына караганда, дээрлик 3 миллион сомдук 204 кредит реструктуризацияланды. Жалпысынан финансы-кредит уюмдарындагы насыясын жоюу өтүнүчү менен 480ден ашык карыз алуучу кайрылган. Белгиленгендей, бардык арыздарга банк мыйзамдарына… Кененирээк…

Кара-Сууда 50 орундуу бала бакча ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагындагы Учар айылында жаңы 50 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, балдар бакчасынын ачылыш аземине облус башчысы Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңеш депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. “Акылман уя”… Кененирээк…

Аргентинанын футбол боюнча улуттук командасы мекенине кайтып барды

Аргентинанын футбол боюнча улуттук командасы мекенине кайтып барды. Дүйнө чемпиондорунун капитаны Лионель Месси Буэнос Айресте учактан баалуу трофейди көтөрүп түштү. Кызыл килем менен басып өткөн чемпиондор Аргентина футбол ассоциациясынын базасында эс алат. Кечинде башкалаада 10 миңдеген кишинин катышуусунда ири майрамдык иш чара пландалууда. Эске салсак,… Кененирээк…

Японияда калыңдыгы эки метр кар жаады

Японияда калыңдыгы эки метр кар жаады. Мындан улам өлкөдө электр зымдары үзгүлтүккө учурап 16 миңдей үй жарыксыз калды. Уюлдук байланыштарда да үзгүлтүктөр орун алды. Ниигата аймагында 800гө жакын унаа жолдо калып, жол тыгыны 20 чакырымга созулду. Бүгүн эртең менен гана куткаруучулар машинелердин жарымына жетпегенин кар… Кененирээк…

Мектептердеги карантинди узартып, бала бакчаларды жабуу сунушталды

Мектептердеги карантин узартылышы мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү сунушту Билим берүү министрлигине жолдоду. Анда балдар арасында оорунун күчөшү 68 пайыздан дээрлик 73 пайызга өскөнү айтылат. Буга байланыштуу мектептеги карантинди 30-декабрга чейин узартып, бала бакчаларды да ошол күнгө чейин толугу менен жабуу боюнча кат жиберилгени кабарланды.… Кененирээк…

Казань шаарында кыргызстандыктарга консулдук кызмат көрсөтүлөт

Быйылкы жылдын 24-декабрында Казань шаарында мекендештерге консулдук кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, консулдук сапардын алкагында паспортторду алуу/алмаштыруу, консулдук каттоого туруу боюнча арыздар кабыл алынат, ошондой эле Татарстандын пенитенциардык тутумунун мекемелериндеги КР жарандарына баруу ишке ашырылат. Жарандарды кабыл алуу төмөнкү… Кененирээк…

Бүгүн Ошто жаңы жылдык балаты жандырылат

Бүгүн Ошто жаңы жылдык балаты жандырылат. Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, саамалыкка келгендер үчүн жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа уюштурулат. Ош шаарындагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 28 метрди түзөт. Жаңы жылга карата даярдыкка жалпысынан түштүк калаа мэриясы дээрлик үч миллион сом жумшай турганы кабарланган.

Лионель Месси «Жылдын спорт жылдызы» наамына татыды

Лионель Месси «Жылдын спорт жылдызы» наамына татыды. Сыйлык жыл сайын Би-Би-Си тарабынан тапшырылат. Наам «жыл ичинде дүйнөлүк аренада эң көрүнүктүү спорттук ийгиликке жетишкен» спортчуга берилет. Аргентиналык карьерасында биринчи жолу бул сыйлыкка ээ болду. Эске салсак, Месси ойногон Аргентина курама командасы Катарда дүйнө чемпиону болгон. Чабуулчу… Кененирээк…