Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлору кечинде да иштейт

Сасык тумоого байланыштуу Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору кечинде да иштейт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ордо калаада сасык тумоого кабылып, бейтапканага кайрылгандардын саны азайбай жатат. Буга байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлору дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин эрте мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Дем алыш күндөрү күндүзгү… Кененирээк…

Таласта темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Таластын Манас айылында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ишкананын курулушуна облусту өнүктүрүү фондунан 15 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери келерки жылдын январь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

ФИФАнын президенти дүйнөлүк чемпионатты тез-тез өткөрүүнү сунуштады

ФИФАнын президенти Джанни Инфантино дүйнөлүк чемпионатты тез-тез өткөрүп турууну сунуштады. Ал мундиалды төрт жылда эмес, үч жылда бир өткөрүүгө болот деген оюн билдирди . Бул учурда клубдук дүйнө чемпионаты жана континенталдык турнирлер ортосунда өткөрүлөт. Бирок бул өзгөртүүлөр 2030-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттан кийин гана мүмкүн, анткени эл… Кененирээк…

Кыргызстанда “Салык төлөөчүнүн паспорту” долбоору ишке кирди

Кыргызстанда “Салык төлөөчүнүн паспорту” долбоору ишке кирди. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-код камтылган ишкердик субъектинин маалымат картасы. Паспорт экономикалык иш жургузулуп жаткан ар бир соода объектисинде коюлат. QR-кодду сканерлөө менен салык төлөөчүнүн реквизиттерин, ИННин билип же кассалык машина… Кененирээк…

УКМК антитеррордук коргоого алынуучу объектилердин тизмесин кеңейтүүнү сунуштоодо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет антитеррордук коргоого алынуучу объектилердин тизмесин кеңейтүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбооруна ылайык, тизмеге мечиттерди, чиркөөлөрдү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерди киргизүү пландалууда. Негизги максат объектилерди коргоону камсыздоо жана террордук актылардын коркунучун жок кылууга шарттарды түзүү экени белгиленет. Документ коомдук талкууга коюлду.

Кыргызстан мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салууну узартты

Кыргызстан мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салууну узартты. Өкмөттүн токтомуна ылайык, ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык биримдигинин тиешелүү жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргызстандан ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары мунайды унаа жана темир жол транспорту менен ташып чыгууга чектөө киргизилет. Мындай чара ички рынокто… Кененирээк…

Бишкекти ыштан тазалоого USAID жардам берет

Бишкекти ыштан тазалоого АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги жардам берет. Бул боюнча Кыргызстандын Америкадагы элчиси Бакыт Аманбаевдин аталган агенттиктин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка караганда, АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү ордо калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, Бишкектин… Кененирээк…

Караколдо байге фонду 1 млн 50 миң сомду түзгөн кышкы оюндар өтөт

Караколдо байге фонду 1 миллион 50 миң сомду түзгөн республикалык кышкы оюндар өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, оюндар балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” аталышында болот. Спорттук иш-чара 26-28-декабрь күндөрү лыжа спорту, лыжа жарышы жана хоккей боюнча уюштурулат. Жарыштын жеңүүчүлөрү жана байгелүү… Кененирээк…

Баткендин тургундарына жөлөкпул шартын өзгөртүү каралууда

Баткендин тургундарына жөлөкпул шартын өзгөртүү каралууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Маалыматка ылайык, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун берүүнүн өзгөртүлгөн жол-жобосу облустагы чек арада жайгашкан 68 айылга тиешелүү болот. Алсак, пособие 16 жашка чейинки курактагы балдары бар, жардамга муктаж… Кененирээк…

Санарип кодексинин концепциясы коомчулукка 26-декабрда сунушталат

Санарип кодексинин концепциясы коомчулукка 26-декабрда сунушталат. Бул тууралуу Novosti.kgге санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Документ төрт деңгээлден турат — маалыматтар, кызматтар, системалар жана инфраструктура. Иштеп чыгууда авторлор санариптик экономика боюнча мыкты эл аралык тажрыйбага таянышкан. Документтин кабыл алынышы менен экономиканын өсүү темпин жогорулатуу үчүн шарттар түзүлүп,… Кененирээк…