Дүйнөдөгү эң популярдуу туристтик шаарлар аталды

Дүйнөдөгү эң популярдуу туристтик шаарлар аталды. Рейтингди британиялык изилдөө компаниясы түзгөн. Биринчи орунду Париж ээледи. Франциянын борбору экинчи жыл катары менен алдыда келе жатат. “Күмүш байгени” Дубай алды, андан кийин Амстердам турат. Тизмеге ошондой эле Рим, Мадрид, Лондон, Мюнхен, Барселона жана Нью-Йорк кирди. Рейтингди түзүүдө… Кененирээк…

Нарында муктаж үй-бүлөлөргө отун таратылды

Нарын шаарында муктаж болгон 20 үй-бүлөгө отун таратылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык жашылдандыруу ишканасы тарабынан Алма бак паркын санитардык тазалоо иштеринен улам өсүүсү токтогон жана кулоо коркунучу бар бактар кыйылып, муктаждарга бекер таратылды. Жалпысынан 20 куб отун арыз менен кайрылган тургундарга бөлүнүп берилди.

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды. Мекеменин маалыматына караганда, бул өлкө аркылуу башка мамлекетке да чыкпай туруу сунушталат. Белгиленгендей, мунун себеби кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагына киришин чектеген чараларга байланыштуу. Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Тышкы иштер… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы тоо лыжа курорту пайда болот

Чүй облусуна «Бирбулак» жаңы тоо лыжа курорту курулат. Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тиешелүү долбоорду бекитти. Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна «Тамга» эл аралык спорт комплексин куруу долбоору дагы жактырылды. Мындан тышкары, Чүйдүн Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулары айтылып, анда эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Айни-Дагестан көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн жеңил типтеги уруксатсыз коюлган объекти алынды. Ошондой эле жол оңдоп-түздөө иштеринин алкагында Садырбаев көчөсүндөгү жарнак металл конструкциясы алынып, жол тазаланды. Мындан тышкары, Жумабек… Кененирээк…

Ырчы Джастин Бибер музыкасынын укуктарын сатышы мүмкүн

Ырчы Джастин Бибер музыкасынын укуктарын сатышы мүмкүн. Массалык маалымат каражаттары артист 200 миллион долларлык келишимге кол коюуга аз калганын жазышууда. Эгер келишим ишке ашса, компания музыкалык чыгармаларга гана эмес, Бибердин жазуу долбоорлоруна да укук алат. Ырчы эмне үчүн өз музыкасынын укугун сатууну чечкени азырынча белгисиз.

Ушул жылдын 10 айында Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу 4 миллиондон ашты

Ушул жылдын 10 айында Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу 4 миллиондон ашты. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, январь айынан октябрга чейинки жыйынтык өткөн жылдын жалпы көлөмүнөн дээрлик 8 пайызга көп болду. Ошондой эле быйылкы жылы учак менен 30,5 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Жүк каттамдары көбүнчө… Кененирээк…

ФИФАнын Twitter баракчасынан Месси «тарыхтагы эң мыкты футболчу» деген маалымат өчүп калды

ФИФАнын Twitter баракчасынан «Лионель Месси тарыхтагы эң мыкты футболчу» деген маалымат өчүп калды. Аргентина Дүйнө чемпиондугун жеңгенден кийин жарыяланган маалыматта “Тарыхтагы эң мыктылар боюнча талаш чечилди. Башкы байге азыр коллекцияда” деп жазылган. Бирок бүгүн колдонуучулар билдирүү өчүрүлгөнүн аныкташкан. Муну менен бирге Криштиану Роналдунун сүрөтү жана… Кененирээк…

Бишкек мэриясы ордо калааны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыкты

Бишкек мэриясы ордо калааны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыкты. Тизмеде жогорку ылдамдыктагы автобустарды ишке киргизүү, Айтматов-Масалиев проспектисин жакшыртуу, таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин көрктөндүрүү, ошондой эле көп кабаттуу автопарк куруу иштери бар. Долбоорлор баш калаадагы бизнес чөйрөнү өнүктүрүү жана Бишкектин… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясына тариф 35 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда электр энергиясына тариф 35 пайызга кымбаттады. Өкмөт жарыялаган токтомдо белгиленгендей, өзгөртүүлөр бюджеттик өнөр жай, айыл чарба жана башка турак жай эмес керектөөчүлөргө тиешелүү. Бул категориядагылар учурда бир киловатт/саат үчүн 2 сом 52 тыйындан төлөшөт. Ал эми 28-декабрдан тарта тариф 1 киловатт үчүн 3 сом… Кененирээк…