Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын эң мыкты голу аталды

Ришарлисон дүйнө чемпионатында эң мыкты голдун автору аталды. Биринчи турдун беттешинде бразилиялык оюнчу өзү аркылуу Сербиянын курама командасынын дарбазасына топ киргизди. Добуш берүүдө Ришарлисон Неймар, Килиан Мбаппе, Энцо Фернандес жана башка оюнчулардын голдорунан озуп чыкты. Эске салсак, Бразилия курама командасы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыгып,… Кененирээк…

Бийлик “Асман” шаарын куруу үчүн үч миң гектардан ашык жерди трансформациялады

Бийлик “Асман” шаарын куруу үчүн үч миң гектардан ашык жерди трансформациялады. Бул тууралуу “Economist” басылмасы айыл чарба министринин орун басары Марат Раматовго шилтеме берүү менен билдирди. Эске салсак, бийлик Балыкчыга жакын жерде “Асман” деп аталган шаар курууну көздөп жатат. Анда дээрлик 500 миң адам жашайт… Кененирээк…

Эртең Ошто жалпы ишембилик өтөт

Эртең Ошто жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Ишембиликке бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин, жеке ишкерлерди, шаар тургундарын активдүү катышууга чакырабыз, — деп айтылат маалыматта.

Суусамырда 100 орундуу бала бакча ачылды

Суусамырда 100 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуштун суммасы 36 миллион сомду түздү. Заманбап жабдуулар менен жабдылган бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.

Кыргызстан 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келет

Кыргызстан кийинки жылы 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. Маалыматка ылайык, электромобилдерди алып келүүгө карата тарифтик жеңилдик белгиленди. Натыйжада Кыргызстан быйыл 5 миң, 2023-жылы 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү… Кененирээк…

“Нарын” аэропортунун жаңыланган имаратын 2023-жылы ишке киргизүү пландалууда

“Нарын” аэропортунун жаңыланган имаратын 2023-жылы ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери ошондой эле, Жалал-Абад облусундагы “Казарман» аэропортунда да жүрүүдө.

“Манас” аэрпорту ири инфраструктуралык долбоорлорду 2023-жылы да улантат

“Манас” эл аралык аэрпорту ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну 2023-жылы да улантат. Бизге аталган аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кийинки жылы “Ош”, “Жалал-Абад” аэропортторунун аэродромдорунун элементтерин реконструкциялоо жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекеттик комплекси курулат. Белгиленгендей, бардык долбоорлор мекеменин өз каражатынын эсебинен аткарылат.… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң көп маяна алган аял спортчулар аталды

Теннисчи Наоми Осака дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу айым аталды. Forbes журналынын версиясы боюнча, япониялык үчүнчү жыл катары менен тизменин башында турат. 25 жаштагы теннисчи 51 миллион доллар киреше тапса, анын 50 миллиону спорттон тышкары болгон. Тагыраагы, кирешени ага ишкердик ишмердүүлүгү алып келген. Рейтингде… Кененирээк…

Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму Акжол менен Жоламанды «Тарых жаратуучулар» деп тапты

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду быйылкы жылдын “Тарых жаратуучусу” деп тапты. Уюмдун маалыматына караганда, бул наамга кыргызстандык эки спортчудан сырткары 2022-жылы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону япониялык Юи… Кененирээк…

“Баткен” эл аралык аэропортун жаңылоо иштери аяктап калды

“Баткен” эл аралык аэропортун жаңылоо иштери аяктап калды. Бизге “Манас” аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аэродромдун учуу-конуу тилкесин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Алдыда жарык белги берүүчү жабдууларды орнотуу пландалууда. Ал жабдуулар тийиштүү долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин… Кененирээк…