Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуулар 9 күнгө созулат – 31-декабрдан  8-январга чейин

Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуулар 9 күнгө созулат – 31-декабрдан  8-январга чейин. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Катар эс алуулардын ордуна 9-январь, 25-февраль, 11-март жана 25-март иш күндөрү болот.   Белгилеп кетсек, бул жылдын акыркы толук кандуу жумуш күнү 30-мартка туш болот.   Иш… Кененирээк…

Өлкө куткаруучулары кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Өлкө куткаруучулары кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер камсыздайт.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Стратегиялык маанилүү объектилер, эл көп чогулган жерлер жана мектептер, ооруканалар жана башка социалдык жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Кыргызстанда кийинки жылы 23 жаңы оорукана курулат

Кыргызстанда кийинки жылы 23 жаңы оорукана курулат.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, ошондой эле 97 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда.   Анын 37си Баткен облусуна жөнөтүлөт. Белгилеп кетсек, Лейлек районунда дагы 230 орундуу оорукананын курулушу башталат деп пландалууда. Иштерди… Кененирээк…

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 29-декабрдан тартып 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштейт

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 29-декабрдан тартып 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.   Майрамга байланыштуу 12 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Стратегиялык маанилүү объектилер, эл көп чогулган жерлер жана мектептер, ооруканалар жана башка социалдык жайлар өзгөчө көзөмөлгө… Кененирээк…

Убада кылынган 400дөн ашуун үйдүн экөө гана курулуп бүттү

Баткенде чек ара каргашасында талкаланган 400дөн ашуун үйдөн бүгүнкү күнгө карата экөө курулуп бүткөнү 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында белгилүү болду.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, 420 үй жабыркаганы аныкталган (бирөө Баткен шаарында,… Кененирээк…

АКШда официцант кызга чайлык катары дээрлик 200 миң сом калтырып кетишти

АКШда официцант кызга чайлык катары дээрлик 200 миң сом калтырып кетишти. Тайлер Салливан 4 жылдан бери кафеде тейлөөчү болуп эмгектенет. Жакында эле ал 22 достон турган коноктордун дасторконун тейлеген.   Алар кетээрде ар бири  100 доллардан чыгарып, кызга 2 миң 200 долларды чайга деп калтырышты.… Кененирээк…

Чүй облусунун Кемин районунда 3 социалдык объект пайда болду

Чүй облусунун Кемин районунда 3 социалдык объект пайда болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Кайыңды айылында 110 орундуу бала бакча ачылды.   Анын курулушу 2020-жылы башталып, жалпысынан 34 миллион сом жумшалды. Кашкелең айылында 10 миллион сомго спорт зал жана 110 бөбөккө чакталган бала бакча пайда болду.… Кененирээк…

Өзбекстан жарандарына Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берүү сунушталды

Өзбекстан жарандарына Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинетинин чечими менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги даярдады.   Ведомство ошондой эле Азербайжан жарандарына каттоо мөөнөтүн 10 күндөн 30 күнгө чейин узартууну сунуштайт. Эске салсак, азыркы мыйзамдарда коңшу өлкөнүн жарандары үчүн мындай… Кененирээк…

Чек ара жаңжалында үй-жайсыз калган Баткен облусунун 3 миң 781 тургуну ар кайсы жакта баш калкалап жүрөт

Чек ара жаңжалында үй-жайсыз калган Баткен облусунун 3 миң 781 тургуну ар кайсы жакта баш калкалап жүрөт.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, жарандардын көбү Бишкекте, Чүй облусунда жана Баткен шаарындагы колледжерде жашап жатат.   Белгилеп кетсек, үйү толук өрттөнүп… Кененирээк…

Баткенде тажик тараптын кол салуусунда талкаланган, өрттөлгөн үйлөр кийинки жылы жазында курулуп бүтөт

Баткенде тажик тараптын кол салуусунда талкаланган, өрттөлгөн үйлөр кийинки жылы жазында курулуп бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев билдирди.   Анын айтымында, үйлөрдүн курулушун жаңы жылга чейин аяктоо пландалган. Бирок учурдагы даярдыкты эске алганда 26 гана үй бүтө турган болду,… Кененирээк…