Бишкекке жаңы автобустардын биринчи партиясы жакынкы күндөрү келет

Бишкекке жаңы автобустардын биринчи партиясы жакынкы күндөрү келет. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Мирлан Байгөнчөков билдирди. Анын айтымында, транспорт жолдо келе жатат, учурга карата Казакстан аймагында.   Эске салсак, Бишкек мэриясы 120 автобусту жеткирүү боюнча кытайлык компания менен келишим түзгөн. Транспорт газ менен жүрүп, бардык… Кененирээк…

Эксперттер Жаңы жылга карата белектердин антирейтингин түзүштү

Эксперттер Жаңы жылга карата белектердин антирейтингин түзүштү. Ага ылайык, биринчи орунда жумшак оюнчуктар жана жылдын символдорун чагылдырган оюнчуктар турат.   Сурамжылоого катышкандардын 15 пайызы көзгө биринчи урунган нерсени эле белек кыла турганын моюнга алышты. Мырзалардын басымдуусу майрамга устара белекке алганды жактырбайт. Андан кийинки орунда самын,… Кененирээк…

Кыргызстанда бир катар медициналык кызматтардын баасы кымбаттайт

2023-жылдын 1-январынан баштап амбулатордук шартта көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы прейскуранты күчүнө кирет. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалымат кызматы билдирди. Кеп үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, Жалпы медициналык практика борборлорунда, Жалпы ооруканалардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрүндө, ошондой эле Клиникалык диагностикалык бөлүмдөрүндө медициналык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө болуп… Кененирээк…

Кытайда 200 унаанын катышуусу менен ири авария катталды

Кытайда 200 унаанын катышуусу менен ири авария катталды. РИА Новости жазгандай, Чжэнчжоу шаарында бүгүн эртең менен коюу туман каптап, жолдордо көрүү кескин начарлаган.   Андан улам, унаалар бири-бирин сүзүп, үйүлүп калышкан. Куткаруучулардын айтымында, кырсыкка 200дөй унаа кабылды. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар иштеп жатат.

Өлкөдө кошумча нарк салыгын көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке кирди

Өлкөдө кошумча нарк салыгын көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке кирди.   Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, эми КНС боюнча отчётторго, электрондук эсеп-фактураларга жана товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу тарабынан таризделген баштапкы документтерге салык инспекторлору кийлигише албайт.   Тактап айтканда, ага система өзү автономдук режимде… Кененирээк…

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн айыптарды текшерүү үчүн жаңы сервис пайда болду

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн айыптарды текшерүү үчүн жаңы сервис пайда болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Төлөм” аталышындагы портал Генералдык прокуратура менен биргеликте ишке кирди.   Бирдиктүү реестрдин максаты – жол эрежесин бузгандар жөнүндө бардык маалыматты чогултуу жана бир жерде сактоо.… Кененирээк…

Кыргызстан менен Казакстан  биргелешип күн электр станцияларын курат

Кыргызстан менен Казакстан  биргелешип күн электр станцияларын курат. Бул максатта “Күн булагы” ишканасы ачылды. Биринчи долбоор катары Ысык-Көлдө  35 миллион долларга станция курулат, — деп билдиришти Улуттук энергохолдингден.   Маалыматка ылайык, станциянын курулушуна Тору-Айгыр айылында 80 гектар жер бөлүнөт. Курулуштун биринчи этабы 2023-жылы аяктап, күн… Кененирээк…

Россияда аял жарым күн бою унаасында белгисиз эркекти ташып жүрө берген

Россияда аял жарым күн бою унаасында белгисиз эркекти ташып жүрө берген.   Челябинск тургуну эмерек тазалоо фирмасында иштейт. Ал кезектеги кардарынын үйүнө буйрутма менен баратып, өтүп кеткендиктен, унаасын артка айдаган.   Ошол учурда гана салондун артында белгисиз кишинин отурганын көргөн. Жүргүнчү мас абалында болгондуктан, эмне… Кененирээк…

Кыргызстанда жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталды

Кыргызстанда жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталды. Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбековдун айтымында, мурда                35 жашка чейинкилер жаштарга кирген.   Жаш үй-бүлөлөр социалдык төлөм алып, бюджетке күч келгендиктен, 2009-жылы 28 жашка түшүрүлгөн. Экинчи себеби – анда 22-23 жаштагылар баш кошсо, учурда үйлөнүүнүн орточо… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүдөн тосмолор пайда болот

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүдөн тосмолор пайда болот. Унаа жана жолдор министрлиги Япониядан келген инвесторлор менен келишим түздү. Ведомстводон билдиришкендей, ашууларда кар көчкүлөр көп түшөт.   Унаа кыймылынны коопсуздугун камсыздоо үчүн япониялык тарап Кыргызстанга гранттык негизде 7,5 миллион доллар бөлүп берди.   Бул… Кененирээк…