Кытай кийинки жылы Кыргызстанда көчмө госпиталь тапшырат

Кытай кийинки жылы Кыргызстанда көчмө госпиталь тапшырат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын аталган өлкөнүн элчиси Ду Дэвень менен жолугушуусунда жарыяланды.   Эки тарап ошондой эле ковид-19га каршы вакцина берүү боюнча документке кол коюшту. Андан тышкары, 2023-жылы Кыргызстанга кытайлык адистер көз катарактасына операция жасоо… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар медициналык кызматтардын баасы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар медициналык кызматтардын баасы көтөрүлөт.   Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына ылайык, кеп үй-бүлөлүк медициналык борборлорундагы, жалпы дарыгердик практика борборлорундагы жана амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрдөгү кызматтар тууралуу болуп жатат. Фонддон белгилешкендей, акыркы жолу баалар 7 жыл мурда өзгөргөн болчу.   Кайра эсептөө инфляция,… Кененирээк…

Индиялык компания Өзбекстандагы өлүмдөн улам “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотту

Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнө байланыштуу жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотту.   «Биз өлүм үчүн өкүнөбүз. Өкмөт муну иликтеп жатат. Тергөө уланууда. Чоо-жайын иликтөө бүткөндө билебиз», — деди 29-декабрда компаниянын өкүлү Хасан Харрис. Өзбекстанда өткөн аптада ушул дарыны ичкенден кийин… Кененирээк…

Мас болуп руль башкаргандарды айдоочу күбөлүгүнөн ажыратуу  мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынды

Мас болуп руль башкаргандарды айдоочу күбөлүгүнөн ажыратуу  мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынды. Документке ылайык, эми мындай бузуу үчүн айып салынбайт, дароо айдоочу күбөлүгү тартып алынат.   Биринчи ирет катталса – бир жылга, экинчи ирет – 3 жылга. Андан тышкары, ылдамдыкты жогорулатуу үчүн… Кененирээк…

Салык кызматын өнүктүрүүнүн стратегиясы кабыл алынды

Мамлекеттик салык кызматынын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди. Жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүнү көздөйт. Бул тууралуу 29-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Анда салыктык текшерүүнү аралыктан жүргүзүү жана салык төлөөчүлөр үчүн тейлөөнү жакшыртуу да каралган.… Кененирээк…

Угандада катардагы эле дыйкан эң чоң үй-бүлө курду

Угандада катардагы эле дыйкан эң чоң үй-бүлө курду. Эркектин 12 аялы,  102 баласы жана 568 небереси бар. Ал бардык аялдары менен бир үйдө жашайт.   Тургун муну менен токтоп калбай, дагы үйлөнгүсү келген, бирок турмуш жагдайларынан улам бул оюунан кайтты. Ар кандай кызматтар жана азык-түлүк… Кененирээк…

Бишкек электр тармактары ишканасы жаңы жылдык майрамдардын алдында күчөтүлгөн тартипке өтүп жатат

Бишкек электр тармактары ишканасы жаңы жылдык майрамдардын алдында күчөтүлгөн тартипке өтүп жатат. Компаниядан билдиришкендей, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.   Авариялык өчүрүүлөргө материалдардын жана техниканын запасы даярдалды. Андан тышкары, майрамдарда электриктердин бригадасы күнү-түнү нөөмөт жүргүзөт.

Кыргызстан аймагынан катализаторлорду чыгарууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстан аймагынан катализаторлорду чыгарууга тыюу салуу сунушталды.   Тиешелүү токтом долбоорун Экономика министрлиги даярдады. Документке ылайык, мындай чара ошондой эле катализатордун курамындагы шлак, күл жана баалуу металлдардын калдыктарына дагы тиешелүү болот. Чектөөлөр жарым жылга киргизилет.   Максаты – адам өмүрүн, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү атмосферага… Кененирээк…

Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын көрсөтүү үчүн парламенттик комиссиянын өкүлдөрүн күтүп жатат

Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын көрсөтүү үчүн парламенттик комиссиянын өкүлдөрүн күтүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу отурумунда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.   Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржы мекемеси Кумтөр кенинде өндүрүлгөн 40 тонна алтынды сактап келет.

Ун жана буудай ташуучу кыргызстандык импортерлор үчүн НДСтин нөлдүк ставкасынын мөөнөтү узартылды

Ун жана буудай ташуучу кыргызстандык импортерлор үчүн НДСтин нөлдүк ставкасынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, макулдашуу бүгүн мамлекеттик органдар менен Ун өндүрүүчү ишканалар ассоциациясы ортосунда жетишилди. Күтүлгөндөй, жеңилдик жарым жыл күчүндө болот.   Эске салсак, 31-декабрда… Кененирээк…