Туристтер арасында эң популярдуу шаарлар аталды

Туристтер арасында эң популярдуу шаарлар аталды. Рейтингди британиялык изилдөө компаниясы түздү. Ага ылайык, биринчи орунда Париж жайгашты. Франциянын борбору экинчи жыл катары менен лидер. Экинчи орунда Дубай турса, үчүнчүдө – Амстердам жайгашат.   Тизмеге ошондой эле Рим, Мадрид, Лондон, Мюнхен, Барселона жана Нью-Йорк кирет.  … Кененирээк…

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң аймагында жаңы мектеп колдонууга берилди

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң аймагында жаңы мектеп колдонууга берилди. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталып, анда бардык заманбап шарттар каралган.   Курулуш иштерине 84 миллион сом Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн.

Бишкекте коомдук транспорт эртең түнгө чейин каттайт

Бишкекте коомдук транспорт эртең түнгө чейин каттайт. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Шаар тургундарынын ыңгайы үчүн автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер түнкү саат 1ге чейин иштейт.   Белгилеп кетсек, эртең, 31-декабрда Ала-Тоо аянтында концерт уюштурулат. Буга байланыштуу, кечки саат 6дан түнкү 1ге… Кененирээк…

2022-жылы алкоголдук продукциялардан 1,7 млрд сом акциз салыгы жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүүнүн алкагында өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 млрд 725,5 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды.   Ведомстводон билдиришкендей, бул 2021-жылга салыштырмалуу 80 %га көп.   Анын ичинен «АЮ» ЖЧКсы 514,9 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыздады, бул… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда17 окуучуга президенттин белеги тапшырылды

Жалал-Абад облусунда17 окуучуга президенттин белеги тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунан жаңы жылга карата өлкө башчысына жалпы 17 окуучу кат жазган. Алардын каалоолорун орундатып, президент тарабынан атайын белектер жиберилди. Алар район-шаарларда жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан өз ээлерине жеткирилди.   «Бүгүн… Кененирээк…

Ошто жаңы жылдык дискотека уюштурулат

 Ош шаарынын борбордук аянтында 31-декабрь күнү «Жаңы жыл — 2023» аттуу концерттик салтанат өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын программасы: 12:00-13:00 — №1 Саид Бекмуратов атындагы Балдар музыкалык мектеби жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт; 13:00-14:00 — №2 Петр Чайковский атындагы Искусство мектебинин концерти;… Кененирээк…

Жол инспекторлору эреже бузган таксисттерди көзөмөлгө алды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык (ЖКККББ) таксист Бишкектен чыгып (Нарын, Ысык-Көлгө — ред.), бир күндө бир эле жолу каттам жасагандыгын камера аркылуу текшерип жатат.   Ведомствонун маалымат кызматы эл ташыгандар майрам күндөрүн пайдаланып, чарчаганына карабай акча арбын тапканга аракет кылып, рейске көп чыгып… Кененирээк…

31-декабрда салык органдары кадимки тартипте иштейт

2022-жылдын соңку күнү, 31-декабрь, салык органдары үчүн жумуш күнү экендигин аталган ведомстводон кабарлашты. «Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматы үчүн 31-декабрь жумуш күнү деп белгиленди. Буга байланыштуу салык органдары салык төлөөчүлөрдү 31-декабрда кадимки иш тартибинде тейлешет», — деп билдиришти алар. Мындан тышкары, мамлекеттик жана… Кененирээк…

2023-жыл туруктуу болушу күтүлүүдө

2023-жыл туруктуу болушу күтүлүүдө. Астрологдордун айтымында, чоң экономикалык кризис бул жылы болбойт. Жашоонун нугун такыр башка жакка бура турган чоң окуяларды жаңы жылда пландабай турган оң. Кирип келе жаткан жылдын ээси Мышык дагы,   Коен дагы кескин алмашууларды жактыра бербейт. Ал эми үй-булө куруу үчүн… Кененирээк…

“Бишкек суу каналы” жаңы жылдык майрамдарда күнү-түнү иштейт

“Бишкек суу каналы” жаңы жылдык майрамдарда күнү-түнү иштейт. Муниципалдык ишкананын маалыматына ылайык, авариялык бригадалардын жана атайын техниканын иш тартиби бекитилди.   Кандайдыр бир маселелер жаралса, шаар тургундары 1533 кыска номери боюнча адистерге кайрыла алат.