Бишкекте катуу сууктан улам 10 убактылуу жылынуучу түйүн ачылды

Бишкекте катуу сууктан улам 10 убактылуу жылынуучу түйүн ачылды.   Бул тууралуу мэрия маалымдайт. Атайын чатырлар ордо калаанын 4 районунда тең тигилди. Түйүндөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте уюштурулган.   Алардын ар биринде ведомствонун бир кызматкери нөөмөттө турат. Чатырларда тургундар жылынып, ысык чай ичип алса… Кененирээк…

Тайландда чет элдик туристтер курорттук салык төлөөгө милдеттендирилет

Тайландда чет элдик туристтер курорттук салык төлөөгө милдеттендирилет.   Күтүлгөндөй, ар бир саякатчы өлкөгө киргени үчүн эле 9 доллардан төлөйт. Чогулган каражат туристтик багыттарды өнүктүрүүгө жана эс алуучуларды камсыздандырууга жумшалат.   Жаңы эрежелер ушул жылдын июнь айынан тарта күчүнө кирет. Курорттук салык иштөөгө уруксат кагазы… Кененирээк…

1-апрелге чейин бардык унаа ээлери ОСАГО полистерин алышы керек

1-апрелге чейин бардык унаа ээлери ОСАГО полистерин алышы керек. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы Тахмина Камчыбекова билдирди.   Анын айтымында, камсыздандыруу компаниялары полистерди берип баштады. Лицензияны 9 компания алды, анын ичинде Мамлекеттик камсыздандыруу уюму дагы бар. 1-апрелден тарта полиси жок… Кененирээк…

Балыкчыда өзгөчө кырдаалга күчөтүлгөн даярдык режими киргизилди

Балыкчы шаарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жетүүдө. Мындай чек катуу бороон катары сыпатталат.   Алгач шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилгени кабарланган, бирок кийинчерээк мэрия бул «өзгөчө кырдаалдарга карата күчөтүлгөн режим» экенин тактады. Шаардыктарга өтө зарыл болбогон учурда сыртка чыкпай туруу сунушталды.

Криштиану Роналду Сауд Арабия, Греция жана Египеттин 2030-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын биргеликте өткөрүүгө укук алууга арыздын элчиси болот

Криштиану Роналду Сауд Арабия, Греция жана Египеттин 2030-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын биргеликте өткөрүүгө укук алууга арыздын элчиси болот. Арызды колдогону үчүн футболчу 200 миллион евро алат.   Белгилеп кетсек, 2030-жылкы мундиалды өткөрүүгө бир катар өлкөлөр талапкер болот, арасында Португалия, Испания, Уругвай, Аргентина жана Марокко… Кененирээк…

Жол эрежесин бузуулар боюнча маалыматты тартуулаган “Төлөм” порталы ишке кирди

Жол эрежесин бузуулар боюнча маалыматты тартуулаган “Төлөм” порталы ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Система аркылуу Кайгуул кызматы же жол инспекторлору тарабынан колго  түзүлгөн протоколдорду, тонировкага уруксаттын бар-жоктугун жана “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары каттаган айыптарды тапса болот.

Кыргызстанда макулатураны Евразиялык экономикалык бирикменин алкагынан чыгарууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда макулатураны Евразиялык экономикалык бирикменин алкагынан чыгарууга тыюу салуу сунушталды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, ата-мекендик кагаз иштетүү боюнча ишканаларда сырье жетишсиз болууда.   Жыйынтыгында, миңдеген жумушчулары бар компаниялар жабылып, бюджет салык төлөмдөрү жок калышы мүмкүн. Документ коомдук талкууга чыгарылды.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиард доллардан ашык которулду

Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиард доллардан ашык которулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Рекорддук көрсөткүч күз айларында катталган. Ал эми чет жактан Кыргызстанга которуулардын көлөмү 11 айда 2 миллиард 738 миллион долларга жетти.ъ   Биздин өлкөгө акча которуулардын басымдуу бөлүгү, адаттагыдай эле – Россияга туура… Кененирээк…

Өлкөдө эми ипотеканы келечектеги пенсиянын эсебинен жапса болот

Өлкөдө эми ипотеканы келечектеги пенсиянын эсебинен жапса болот.   Бул үчүн министрлер кабинети бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Документке ылайык, мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан турак-жайды алууга ипотека алган жарандарга пенсиянын топтомо бөлүгү чегерилип, төлөнөт.   Минималык сумма 50 миң сом болсо, максималдык чеги ипотекалык… Кененирээк…

Манхэттендеги асман тиреген имараттын үстүндө жабык муз тебүүчү аянтча ачылды

Нью-Йоркто Манхэттендеги популярдуу асман тиреген имараттын үстүндө жабык муз тебүүчү аянтча ачылды. Аренанын аянты 95 чарчы метр, ал имараттын 100-кабатында жайгашкан. Бул жерге келгендер коньки гана теппестен, шаардын панорамасына суктанышат. Чатырдан Гудзон, Борбордук парк жана Таймс-сквер аянтын көрүүгө болот. Коньки тебүүчү аянт температуранын өзгөрүүсүн тоготпогон… Кененирээк…