Түмөнбай Колдошов Маданият жана искусство университетине ректор болду

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп Түмөнбай Колдошов дайындалды. Аталган кабарды Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы тастыктады. Билдирүүгө ылайык, ал университеттин жетекчилигине жарыяланган конкурс аркылуу тандалган. Колдошовду дайындоо тууралуу министрдин буйругу чыккан. Аталган окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов… Кененирээк…

“Тазалыктын” 600дөн ашык кызматкери Бишкек көчөлөрүн кардан тазалап жатат

“Тазалыктын” 600дөн ашык кызматкери Бишкек көчөлөрүн кардан тазалап жатат. Мэрия маалыматына ылайык, иштерге ошондой эле жол-экплуатациялык башкармалыктын 30 өкүлү жана 38 даана атайын техника тартылды.   Ордо калаа бийлиги айдоочуларды унааларын жолдун четине калтырбоого чакырат, алар техникага кар тазалоого тоскоолдук жаратууда.

Кыргызстан мектептериндеги 3 предмет бириктирилет

Кыргызстан мектептериндеги 3 предмет бириктирилет. Бул тууралуу Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, кеп жашоо коопсуздугунун негиздери, адеп жана мекен таануу сабактары тууралуу болуп жатат.   Учурда бул 3 предметтин бириктирип, материалдарын камтыган жаңы сабакты түзүү иштери жүрүп жатат, — деди министр.

2023-жылы бажы төлөмдөрүнөн 94,6 млрд сом түшүүсү күтүлүүдө

Бажы кызматынын 2023-жылга жылдык планы – 94,6 млрд сом өлчөмүндө бекиди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйында билдирди.   Анын айтымында, бул сумманын ичинен 73 млрд сому кошумча нарк салыгынан түшөт.   “Пландык көрсөткүч Каржы министрлиги тарабынан коюлду. Тиешелүү анализдер жүргүзүлүп,… Кененирээк…

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 1-февралдан тарта «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.   «Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана… Кененирээк…

Кочкор районуна заманбап мал базар курулат

Нарын облусунун Кочкор районунда 11,46 гектарга бардык шарты менен заманбап мал базар курулуу пландалып жатат. Бул туурасында аймактык кабарчы президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө таянып кабарлады.   Нарын облусунун жетекчиси Кочкорго жасаган сапарында Алтынбек Эргешов жаңы курула турган мал базардын баштапкы долбоору менен таанышкан.… Кененирээк…

Нарын шаарына коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү максатында  4 троллейбус жеткирилди

Нарын шаарына коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү максатында  4 троллейбус жеткирилди. Калаа муниципалитетинен билдиришкендей, Бишкек мэриясынан транспортту алууга 500 миң сом сарпталды.   Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Нарын шаардык транспорт башкармалыгынын базасына жеткирилген троллейбустар каттамдарга бүгүн чыкты.

Катуу суукка байланыштуу уюштурулган Бишкектеги убактылуу жылынуучу чатырларга 400дөн ашуун киши кайрылды

Катуу суукка байланыштуу уюштурулган Бишкектеги убактылуу жылынуучу чатырларга 400дөн ашуун киши кайрылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Бишкекте ичине меш коюлуп, ысык чай берген жалпы он чатыр тигилген.   Ага көчөдө суукта үшүгөн жарандар кирип жылына алат. Белгилеп кетсек, 9-январдан бери өлкөдө… Кененирээк…

Мароккодогу стадиондордун бирине улуттук кураманын жана ПСЖ клубунун футболчусу Ашраф Хакиминин ысымы ыйгарылды

Мароккодогу стадиондордун бирине улуттук кураманын жана ПСЖ клубунун футболчусу Ашраф Хакиминин ысымы ыйгарылды. Спортчу өзү салтанаттуу ачылыш аземине катышты.   Эске салсак, Марокко курамасы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чейин жеткен алгачкы африкалык команда болду. Мундиалдын плей-офф бөлүгүндө марокколуктар Испания, Португалия курамаларын утуп алса, жарым финалда… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарынан улам Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн.   Мындай абал 14-январга чейин сакталат. Аталган тилкелер менен жүрүүдө айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү… Кененирээк…