Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануунун суткалык рекорду катталды

Кечээ, 12-январда, Кыргызстанда бир суткага электр энергиясы эң көп пайдаланылып, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук энергетика тармагы» ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады. Электр энергиясын колдонуунун максималдуу көрсөткүчү 73,8 миллион киловатт-саатты түзгөн. Буга чейинкиси 2021-жылдын 6-январында катталып, анда 73 миллион киловатт-саатты түзгөн. «Энергетиктер… Кененирээк…

ФИФА өткөн жылдын мыкты оюнчусу наамына талапкерлерди атады

ФИФА өткөн жылдын мыкты оюнчусу наамына талапкерлерди атады. Алардын катарында Лионель Месси, Карим Бензема, Килиан Мбаппе, Неймар, Лука Модрич, Роберт Левандовски, Ашраф Хакими, Садио Мане, Мохамед Салах жана башкалар бар.   Добуш берүү 3-февралга чейин созулат. Андан кийин ФИФА финалчыларды жарыялайт.

Кыргызстанда документтердин электрондук версиясы күчүнө кирди

Кыргызстанда документтердин электрондук версиясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ведомство маалыматына ылайык, кыргызстандыктар “Түндүк” уюлдук тиркемесинин жардамы менен мамлекеттик органдарга жана физикалык, юридикалык жактарга санариптик форматтагы документтерин көрсөтө алат.   Бул үчүн каалаган калкты тейлөө борборунан алынган электрондук кол тамга болушу… Кененирээк…

Тармактарга күч келсе электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт

Тармактарга күч келсе электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт.   Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти. Андан такташкандай, максиммалдуу көрсөткүч катталган сааттарда электр тармактарына жана жабдууларга күч келүүдө.   Жарандарга бир учурда бир нече тиричилик приборлорун күйгүзбөй, электр энергиясын  үнөмдүү колдонуу сунушталат. Авариялык учурларга кызматкерлердин… Кененирээк…

Дагы бир сауд арабиялык клуб “Аль-Хиляль” Лионель Месси менен келишим түзүү ниетинде

Дагы бир сауд арабиялык клуб “Аль-Хиляль” Лионель Месси менен келишим түзүү ниетинде. Клуб форвардка жылына 280 миллион евролук келишим сунуштайт. Мессинин ПСЖ менне келишими ушул сезондун аягында соңуна чыгат, бирок француздар аны узартуу жөнүндө ойлонууда.   Эгер аргентиналык футболчу “Аль-Хиляльга” өтсө, сумманын басымдуу бөлүгүн мамлекет… Кененирээк…

Кыргызстандын калкты тейлөө борборлорунда онлайн кезек кызматы менен  52 миңден ашык адам колдонду

Кыргызстандын калкты тейлөө борборлорунда онлайн кезек кызматы менен  52 миңден ашык адам колдонду. Мындай маалымат менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги бөлүштү.   Бул кызмат өткөн жылдын 1-июнунда киргизилген. Онлайн кезекке Earlyone уюлдук тиркемеси аркылуу туруп, белгиленген убакытта эле келсе болот. Бул система Ошто дагы ишке кирген.… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, катуу сууктун айынан калкты таза суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралды. Түтүктөр тоңуп, суунун агымы кескин азайды.   Бул өз кезегинде буу казандарга суу жетпегендиктен, жылуулук менен маселелерди дагы жаратты. Учурда жеринде адистер… Кененирээк…

Бишкекте төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 90 миң сомго сертификат тапшырылды

Бишкекте төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 90 миң сомго сертификат тапшырылды. Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Эмилбек Абдыкадыров үй-бүлөнү куттуктап, эне-балдардын абалы менен таанышты.   3 уулуна Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет жана Нурсултан ысымдарын берген. Жалпысынан үй-бүлөдө 7 бала бар, анын алтоо эркек балдар, бирөөсү кыз.

Баткен облусунда санаторий жана балдар лагери пайда болот

Баткен облусунда санаторий жана балдар лагери пайда болот. Ал эми Раззаков шаарында 4 жылдыздуу мейманкана комплексин куруу пландалууда, — деп билдиришти министрлер кабинетинен.   Долбоорго ылайык, санатордук-курорттук тармак 32 объектиден турат.   Жалпы баасы 960 миллион доллар. Андан тышкары, туризмди өнүктүрүү фонду өлкөдө глемпингдердин тармагын… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул жылы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында  10 миң үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстанда ушул жылы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында  10 миң үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон каралат.   Бул каражатка аз камсыздалгандар чакар ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгууга аракет кылышы керек. Долбоордун катышуучуларынын тизмеси… Кененирээк…