Мугалимдер футбол боюнча машыктыруучулук окуудан өтүшөт

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептердин дене тарбия мугалимдери футбол боюнча машыктыруучулук окуудан өтүшөт. Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, долбоор февраль айында башталат. Биринчи этапта 60 мугалим катышат. Келечекте алар менен 30 миңге жакын бала окуйт деп күтүлүүдө. Долбоор Азия футбол конфедерациясынын каржылык колдоосу менен ишке… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннелде жаңы жарыктандыруу пайда болот

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелинде жаңы жарыктандыруу пайда болот. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Мындан тышкары, жол кызматтарына быйыл жазында тоннелдин ичиндеги трассаны асфальттоо тапшырмасы коюлду. Белгилеп кетсек, аталган объект стратегиялык мааниге ээ. Ал Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн бириктирет.

ЕРӨБ Лебединовка ГЭСин оңдоого каражат бөлүүнү көздөөдө

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Лебединовка ГЭСин оңдоого каражат бөлүүнү көздөөдө. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, донор 13,5 миллион евродон ашык бөлөт. Анын жарымы насыя, калганы гранттык негизде берилет. Чиновник белгилегендей, Лебединовка ГЭСи өлкөдөгү эң эффективдүү чакан станциялардын бири. Бирок техниканын эскилигинен объект толук кубаттуулукта… Кененирээк…

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Ага ылайык, чет элдиктер 5 миң доллардан, ал эми Кыргызстандын жарандары 10 миң доллардан ашык акчаны сыртка алып чыга албайт. Эреже бузулган учурда белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 пайыз… Кененирээк…

Майлуу-Сууга жылуулук бериле баштады

Майлуу-Сууга жылуулук бериле баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, №1 отказандын иши калыбына келтирилип, учурда 600гө жакын абонент жылуулук менен камсыз болду. Ошондой эле ӨКМдин жана шаардык кызматтардын бригадалары көйгөйлүү аймактарга суу жеткиргени кабарланды. Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында сууктан улам суу өтүүчү… Кененирээк…

Бишкекте волейбол боюнча өлкө чемпионаты старт алды

Бишкекте волейбол боюнча өлкөнүн XV ачык чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Бүгүн, 16-январь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталган мелдешке эркектер жана кыз-келиндер арасында улуттук жана жогорку лиганын клубдук командалары катышууда. Мелдешке жалпы 23 команда (эркектер арасында… Кененирээк…

Бишкекте “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкекте “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, көргөзмө эртең, 17-январда саат 12:00дө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылат. Көргөзмөнүн автору Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү фотограф, аниматор жана архитектор Шило Жекшенбаев. Анда автордун 80 эмгеги коюлат. Иш-чаранын максаты –… Кененирээк…

Майлуу-Сууда бала-бакчалар жабылып, мектептер онлайн билим берүүгө өттү

Майлуу-Сууда бала-бакчалар жабылып, мектептер онлайн билим берүүгө өттү. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мунун себеби шаардагы өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу. Маалыматка караганда, аралыктан окутуу абал калыбына келгенге чейин күчүндө болот. Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү… Кененирээк…

Майлуу-Сууда токтоп калган үч отказандын бири иштей баштады

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди. “Бүгүн, 16-январда Майлуу-Сууда №1 отказан жылуулук бере баштады. №3, 4 отказанга азырынча суу келе элек, ӨКМдин кызматкерлери ал жерде иштөөдө. Батирлерде 20 градус жылуу болууда”, — деди… Кененирээк…

Биринчи Майдагы бардык мектептерге алмаштыруучу бут кийим колдонуу пландалууда

Биринчи май районунун бардык мектептерине алмаштырылуучу бут кийимдерди киргизүү пландалууда. Бул тууралуу мэрия билдирди. Мындай тажрыйба учурда шаардын сегиз билим берүү мекемесинде бар. Демилгенин максаты окуучуларды жүрүм-турум маданиятына, тартипке, тыкандыкка жана санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого тарбиялоо.