Бишкектеги жылынуучу жайлар аба ырайынын жылышынан улам жабылууда

Бишкектеги жылынуучу жайлар аба ырайынын жылышынан улам жабылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, түйүндөр ачылган күндөн тартып жалпысынан 6 миңден ашык жаран кайрылган. Эске салсак, ордо калаада 12 чатыр тигилген. Алардын ар биринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери нөөмөттө турду. Чатырларда… Кененирээк…

Өлкөдө кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштери улантылат

Бишкек – ​​Ош жана Талас – Тараз – Суусамыр  унаа жолдорунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар артиллериялык техниканы колдонуу менен жүргүзүлүүдө. Кар көчкүлөрүн түшүрүү иштери 19-январга чейин уланат. Кар массаларын жасалма аткылоо жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл экени… Кененирээк…

УКМКнын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

УКМКнын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-январда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыз болгон, жумуш үчүн зарыл бардык шарттары бар… Кененирээк…

Түркия Караколго бала бакча курат

Учхисар районунун (Түркия) башчысы Осман Суслу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Каракол шаарында пландалган бала бакчанын курулушунун башталышы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды. Белгиленгендей, бала бакча Учхисар шаарынын бюджетинин эсебинен курулган. «Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын катышуусунда… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты «В» гепатитине каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Кыргызстанда калкты «В» гепатитине каршы эмдөө жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эмдөөнү мекеме Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте жүргүзүүдө. «Эмдөөнү 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана Жалпы… Кененирээк…

Кыргызстандын ооруканаларында жаңы рентген аппараттары орнотулууда

Кыргызстандын ооруканаларында жаңы рентген аппараттары орнотулууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылдын декабрь айында 96 техника сатылып алынган. Буга жардамды Азия өнүктүрүү банкы жана Глобалдык фонд көрсөткөн. Рентген аппараттары биринчи кезекте жабдуулары иштен чыккан же такыр жок болгон ооруканаларга жиберилгени белгиленди.

Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар күрткүсү жаралып жана муз тоңушу мүмкүн. Мындай кооптуу абал алдыдагы үч күн бою сакталат. Айдоочулар бул тилкелерден өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы… Кененирээк…

Бир катар мектептер кайрадан онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылды

Кыргызстанда бир катар мектептер кайрадан онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарындагы айрым мектептер аралыктан окутууга өтүп, кээ бир бала бакчалар жабылды. Мындай чечим санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык кабыл алынды. Буга чейин… Кененирээк…

АКШнын тургунуна жоголгон жүгүн төрт жылдан кийин кайтарып беришти

АКШнын тургунуна жоголгон жүгүн төрт жылдан кийин кайтарып беришти. Америкалык аял 2018-жылы Чикаго аэропортунда чемоданын жоготуп алган. Ал буюмун кайтарып алууга бир топ аракет кылганына карабай майнап чыккан эмес. Бирок жакында авиакомпаниянын өкүлдөрү аны менен байланышып, чемодан кандайдыр бир жол менен Гондураска түшүп калганын айтышкан.… Кененирээк…

Кыргызстанда гидроэнергетикадагы потенциал 10 пайыз гана пайдаланылат

Жакынкы эки-үч жылда Кыргызстанда жүздөгөн чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары курулушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, азыр республика энергетика тармагын өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, алардын эң негизгиси энергетикалык жабдуулардын өтө эскириши, суунун аздыгынан электр энергиясын импорттоо жана… Кененирээк…