УКМКнын тергөөчүсү 15 миң доллар пара менен кармалды

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү Т.Ы. $15 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 19-январда О.А. аттуу жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөөчүсү Т.Ы.га жана башка кызматкерлерге карата… Кененирээк…

Google 12 миң кызматкерин кыскартат

Google 12 миң кызматкерин кыскартат. Белгиленгендей, акыркы жылдары компания COVID-19 учурундагы болуп көрбөгөндөй өсүшкө байланыштуу көптөгөн жумушчуларды жалдаган. Бирок, азыр колдонуучулардын суроо-талабы турукташып, экономикалык реалдуулуктар толугу менен өзгөрдү. Google жетекчилиги кызматкерлерди кыскартуу чечими оор болгонун, бирок компаниянын мындан аркы өнүгүүсү үчүн бул өтө зарыл экенин… Кененирээк…

Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорунун санын көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун санын көбөйтүү пландалууда. Вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевдин айтымында, учурда өлкөдө 60 программа ишке ашырылууда. Быйыл алардын саны 90го жетет. Аткаминер мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилерин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга тоскоол болгон көйгөйлөрдү чечүүгө чакырды. Кошумчаласак, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программалары саламаттык сактоо, өндүрүш, энергетика, билим… Кененирээк…

Баткенде өрүк данегинен май өндүргөн цех ачылды

Баткенде өрүк данегинен май өндүргөн цех ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында Япония өкмөтү облус тургундары үчүн 1 миллион доллар чукул гранттык көмөк көрсөткөн. Бул жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы аркылуу ишке ашырылып… Кененирээк…

Ысык-Көлдө «Тамчы» эркин экономикалык аймагын түзүү пландалууда

Ысык-Көлдө «Тамчы» эркин экономикалык аймагын түзүү пландалып жатат. Президент Садыр Жапаровдун аймакка иш сапарында белгилүү болгондой, өндүрүш «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун аймагында жайгашат. Белгиленгендей, «Каракол» жана «Балыкчы» эркин экономикалык аймактары жоюлат. «Тамчы» эркин экономикалык аймагына өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат. Бул чет… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.

«Манас» аэропортунун Оштогу филиалына жаңы жетекчи дайындалды

Тимурлан Маданбеков «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи «Ош» эл аралык аэропортунун эмгек жамаатына 19-январда тааныштырылды. Тимурлан Орунбеков буга чейин «МЭА» ААКнын Оштогу филиалынын директорунун орун басары… Кененирээк…

Кыргызстанда ичүүчү суунун тарифи өзгөрүшү мүмкүн

Кыргызстанда ичүүчү суунун тарифи өзгөрүшү мүмкүн. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, учурдагы баа реалдуу чыгымдарды актабай жатат. Чиновник Майлуу-Суудагы соңку кырдаалды мисал келтирип, тариф төмөн болуп, өзүн актабай жатканын, ошондуктан шаар жетекчилиги жабдыктарды талаптагыдай тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Ал ошондой эле таза суунун… Кененирээк…

Майкл Жексон тууралуу тасманы Антуан Фукуа тартат

Майкл Жексон тууралуу тасманы Антуан Фукуа тартат. Тасма “поп-музыканын падышасынын” дээрлик бүт өмүрүн, оор балалык чагынан өлгөнгө чейинкисин баяндайт. Авторлор легендарлуу артисттин карьерасынын эң талаштуу учурларын да чагылдырууну пландаштырууда. Ошол эле учурда, башкы ролго актер али тандала элек, картинанын болжолдуу датасы да азырынча белгисиз.

Аймактардагы шаарларды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүндү

Быйыл Кыргызстандын аймактарындагы шаарларды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Каражат жумушсуздукту кыскартууга, инвесторлорго шарт түзүүгө жана жергиликтүү өндүрүштөрдү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүүгө жумшалышы керек. Чиновник белгилегендей, бул чаралардын баары натыйжада ИДПнын өсүшүнө таасир этиши зарыл.