Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 26-январда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. “Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди. … Кененирээк…