Кыргыз-өзбек чек арасы: тараптар ратификациялык грамоталар менен алмашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары, тышкы иштер министрлери мамлекет башчыларынын алдындагы чек аранын айрым тилкелери боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашышты. Буга чейин Жапаров менен Мирзиёев чек ара боюнча келишимди… Кененирээк…

Кооперативдер келтирген чыгым бир миллиард сомго жакындады

Өткөн жылы турак жай кооперативдеринен 1524 адам жабыркап, келтирилген зыян 901 млн. 726 миң сомду түздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.   Учурда ИИМде 1524 кылмыш иши катталып, анын 1284ү сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгымдын 108 млн. 855 миң сому өндүрүлгөн.   Милиция жарандарды… Кененирээк…

АКШда чоң эле аял документтерин жасалмалап, мектеп окуучусуна айланды

АКШда чоң эле аял документтерин жасалмалап, мектеп окуучусуна айланды.   Окуу жайдын директорунун айтымында, өспүрүм кыз өзү 15 жашта экенин билдирип, документтерин тапшырып, мектепке кабыл алынган.   Бирок анын ата-энеси келбегендиктен, шектенүүлөр башталган. 4 күн окугандан кийин гана ал 30 жашта экени жана документтери жасалма… Кененирээк…

Лионель Месси жана ПСЖ клубу келишимди узартууда

Лионель Месси жана ПСЖ клубу келишимди узартууда. Жаңы макулдашуу 2 жылга эсептелген.   Ошондой эле форварддын франциялык клубдагы айлыгы жогорулатылат. Футболчу көңүлгө топ келген сунуштарды албагандыктан, ПСЖда калуу чечимин кабыл алды.   Эске салсак, Месси “Пари Сен Жерменге” 2021-жылдын август айында өттү. Ага чейин ал… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борбору пайда болот

Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борбору пайда болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, объект ушул жазда жарандарды тейлеп баштайт деп пландалууда.   Борбор кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар менен камсыздалат. Ведомстводон белгилешкендей, Чолпон-Ата шаарында калкты тейлөө борбору жок болгондуктан, жарандар көптөгөн ыңгайсыздыктарга кабылат.

Бишкекте 120 электробусту жеткирүү боюнча маселе талкууланды

Бишкекте 120 электробусту жеткирүү боюнча маселе талкууланды.   Мэрия маалыматына ылайык, Азиялык өнүктүрүү банкы бул максатта 25 миллион долларды жеңилдетилген насыя катары бөлүп берет.   Долбоордун алкагында ошондой эле троллейбус базаларындагы инфраструктураны модернизациялоо, “жашыл коридор” түзүү каралууда. Андан тышкары, кызматкерлер жаңы транспортту тейлөө үчүн атайын… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек унаа заводу баштапкы этапта жылына 3 миң унаа чыгарат

Кыргыз-өзбек унаа заводу баштапкы этапта жылына 3 миң унаа чыгарат.   Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов билдирди. Анын айтымында, кийин өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 30 миң унаага чейин жетиши күтүлүүдө.   Белгилеп кетсек, завод Чүй облусунда курулат. Анын ачылышы боюнча макулдашуу бүгүн жетишилет.

Кыргызстан жана Өзбекстан Чаткал дарыясында кичи ГЭС курууну пландап жатат

Кыргызстан жана Өзбекстан Чаткал дарыясында кичи ГЭС курууну пландап жатат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов билдирди.   Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу макулдашуу жетишилди. Андан тышкары, Кыргызстанда электр эсептегичтерин өндүрүү боюнча завод ачуу пландалууда.   Чиновник белгилегендей, бүгүнкү күндө… Кененирээк…

Өспүрүм кыздар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштей баштады

Кыргызстанда өспүрүм кыздардын репродуктивдик ден соолугуна арналган атайын мобилдик тиркеме иштей баштады. Бул тууралуу 27-январда “Азаттык” радиосуна долбоордун демилгечиси – “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.   Анын айтымында, “Oky” (оки) тиркемеси чөнтөк телефондордун көпчүлүк түрүнө оңой эле жүктөлөт, кыздардын репродуктивдик саламаттыгына байланыштуу так маалымат берет, себеби… Кененирээк…

Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо аяктап жатканын билдирди

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараяны аяктап жатканын билдирди. Ал Мирзиёевге кайрылып, эки коңшу мамлекет чек ара маселелеринде диалогго жана чечимдерди кабыл алууга даяр экенин көрсөткөнүн белгиледи. «Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу,… Кененирээк…