Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Иш сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду.   Андан соң өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койду

Өзбекстан президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында тараптар Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулган учурунан тартып 30 жылдын ичинде эки өлкөнүн байланышы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткендиги белгиленген. Ошондой эле Кыргызстан… Кененирээк…

Бишкекте үч коомдук транспорттун маршруту өзгөрдү

Бишкекте бир нече коомдук транспорт маршрутун өзгөрттү. Мэриянын маалыматына караганда, чечимдер шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынган. №18 автобустун кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү (Кызыл-Туу айылы — «Ош» базары); №234 маршрутту Төкөлдөш конушуна чейин (Виноградная көчөсүнө… Кененирээк…

Лейлекте ок атуучу куралы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткендин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу айрым айылдарды кыдырып, ок атуучу куралы бар жарандарга жолугуп, аларга сактоо, мөөнөтү өтүп кеткен же атасынан калган куралды кайра каттоо эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.   2021-жылы Жогорку Кеңеш «Чек ара ыйгарым укуктуулары… Кененирээк…

ТИМ кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү эрежеси боюнча элчиге кайрылды

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.   Имангазиев кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүүсүн тескеген жаңы эрежеге тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз тарап айрыкча күн сайын чек арадан өткөн жүк ташуучулар,… Кененирээк…