Бишкектин бир районуна 50дөн ашык камера орнотулат

Бишкектин Биринчи май районунун аймагына 50дөн ашык камера орнотулат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Эркиндик бульварында видеобайкоо камераларын монтаждоо иштери башталды. Анын алкагында Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндөгү бульвардын төрт кесилиши атайын жабдуулар менен жабдылат. Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.

Кыргызстанда Халал өнөр жайынын техникалык комитети түзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин «Халал индустриясынын техникалык комитетин түзүү” жөнүндө биргелешкен буйругуна кол коюлду. Ведомстводон билдиришкендей, документке Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Болот Нурматов жана Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков кол… Кененирээк…

Бишкектин Чүй проспектиси унаа кыймылы үчүн эртең да жабык болот

Бишкектин Чүй проспектиси унаа кыймылы үчүн эртең да жабык болот. Novosti.kgге милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, чектөө Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкеге ​​киргизилген. Буга Кытайдан келген өрт өчүрүүчү унааларды жана автобустарды тапшыруу аземи себеп болууда. Айдоочуларга маршрутун алдын ала пландап алуу сунушталат.

Бишкекте таштанды чыгаруу акысы көтөрүлдү

Бишкектиктер февраль айынан баштап таштанды чыгаруу үчүн төлөмдү жаңы тариф менен төлөй баштайт. Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындан ары таштандыга тиричилик керектөөчүлөр үчүн бир адамга 41 сом, чарбалык субъектер үчүн куб метри 361 сом, пенсионерлерге жеңилдиктери менен бир адамга 22,5 сомдон… Кененирээк…

Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары дайындалды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык Салимжанов Бообек Эркинбекович президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Балдарды мектепке электрондук каттоо апрелде башталат

Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо 10-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-класска кабыл алуу биринчи этапта балдарды катталган жери боюнча, экинчи баскычта ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Ал эми электрондук каттоонун экинчи этабы болжол менен июль айында өтөт.… Кененирээк…

Эми патентти электрондук түрдө гана сатып алса болот

Ушул жылдын январь айынан тарта экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн патенттерди электрондук түрдө гана сатып алууга болот. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, кагаз патенттер толугу менен жоюлду. Жеке адамдар жана жеке ишкерлер эми электрондук документти алуу же узартуу үчүн салык органдарына барбай эле койсо болот. Болгону Salyk.kg… Кененирээк…

Мэрия сатып алган жаңы автобустардын баары Бишкекке келди

Мэрия сатып алган жаңы автобустардын баары Бишкекке келди. Бул тууралуу 24 агенттигине муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, транспорт жакын арада каттамга чыга баштайт. Эске салсак, автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Мэрия унааларды кытайлык компаниядан алган.

Индияда полиция контрабанда иши боюнча тоту кушту суракка алуу аракетин көрдү

Индияда полиция контрабанда иши боюнча тоту кушту суракка алуу аракетин көрдү. Тартип сакчылар шектүү эркектин үйүнө келгенде ал качып кеткенин жана бөлмөдө клеткадагы канаттууну гана көрүшкөн.   Полиция кызматкери тоту куш менен сүйлөшүүгө аракет жасап, суроо берип көрдү. Бирок канаттуу ээсин тартип сакчыларга саткан жок.… Кененирээк…

Улуттук банктын өткөн жылкы кирешеси 9 миллиард сомду түздү

Улуттук банктын өткөн жылкы кирешеси 9 миллиард сомду түздү.   Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы Улуттук банк эл аралык валюта рыногуна 486 миллион доллар чыгарды.   Ал эми чет элдик валютаны сатып алуу боюнча  интервенцияларда 190… Кененирээк…