Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоого өткөрүү сунушталды

Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун дотациядан чыгарып, өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтомдун долбоору 23-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.   Документке ылайык, өкмөт хирургиялык борборго кошумча кызматтарды көрсөткөнгө, тарифин өзү аныктап, түшкөн акчаны өзүнүн башкаруусуна уруксат берүүнү сунуштаган. Ага ылайык,… Кененирээк…

Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 26-27-январга белгиленди

  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен 26-27-январь күндөрү болорун бүгүн 24-январда президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Эки өлкөнүн президенттери кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөрү кабарланды.   Мирзиёев… Кененирээк…

Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак форуму өтүүдө

Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали, Жогорку Кеңештин депутаттары, илимий жана адабий… Кененирээк…

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолугушту

Бүгүн, 24-январда Ташкент шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин 26-кеңешинин алкагында өттү. Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелерин… Кененирээк…

Кыргызстандын айылдары 2026-жылга чейин таза суу менен толук камсыздалат

Кыргызстандын айылдары 2026-жылга чейин таза суу менен толук камсыздалат. Бийлик тиешелүү программаны кабыл алганын Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди. Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы 1 миң 873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476сында эскилиги жеткен.

Нарында жол кире жана таштанды үчүн тариф кымбаттайт

Нарын шаарында жол кире жана таштанды үчүн тариф кымбаттайт. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар аймагында маршруттук таксилердин жол акысы эми бардыгы үчүн 10 сом болот. Буга чейин мектеп окуучуларынан 5 сом алынчу. Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн баасы 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт.

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды. Муфтияттан билдиришкендей, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт. Ушул убакыт аралыгында 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер 1 миң долларды банкка төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү тараптарга тапшыруусу керек. Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалагандарды каттоо ID-картанын негизинде 20-февралдан… Кененирээк…

Кыргызстанда жылкынын эти арзандады

Январдын башынан бери Кыргызстанда жылкынын эти 7 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Алсак, 2-январда эттин баасы 467,18 сом болсо, 20-январда 460,15 сомго чейин же 1,5% төмөндөгөн. Ошол эле учурда уй эти 0,4%га кымбаттап, кой эти тескерисинче 0,09%га арзандады.

Польшанын футбол боюнча командасына жаңы машыктыруучу дайындалды

Польшанын футбол боюнча курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу белгилүү болду. Португалиянын мурдагы тренери Фернанду Сантуш эми Польшанын курама командасын жетектейт. Белгиленгендей, Сантуштун презентациясы бүгүн болот. Анын алдында польшалык футболчуларды 2024-жылкы Европа чемпионатына алып чыгуу милдети турат. Эске салсак, Фернанду Сантуш Португалия курама командасы 2022-жылкы Дүйнө… Кененирээк…

ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Кечээ, 23-январда ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы облустун аймагында жайгашкан дарыя, канал, көлмөлөрдө тоңгон музда жылгаяк тепкен балдарга коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү. Анда дарыя, каналдардын үстүндө муз тебүү өмүргө кооптуу экендиги тыкыр эскертилип,… Кененирээк…