Бишкектеги үч мектеп онлайн окутууга өттү

Бишкектеги үч мектеп онлайн окутууга өттү. Мэриянын маалыматына караганда, №87, №81 жана №96 мектептердин окуучулары дистанттык түрдө билим алышат. Мындай чечимди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору имараттардагы температуранын төмөндүгүнө байланыштуу чыгарган. Алдын ала маалымат боюнча, онлайн окутуу бир жумага созулат.

Өзгөндө 75 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Өзгөндө 75 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жылалды айылындагы балдар бакчасында учурда 55 бөбөк тарбияланууда. Курулуштун баасы 30 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Майлуу-Сууда үйлөрдүн 80 пайыздан ашыгына жылуулук берилди

Майлуу-Сууда үйлөрдүн 80 пайыздан ашыгына жылуулук берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда үч отказан калыбына келтирилди. Бирок шаарды таза суу менен камсыздоо азырынча мүмкүн боло элек. Эске салсак, катуу сууктан улам 12-январь күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жылуулук жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган.… Кененирээк…

Билим берүү министринин биринчи орун басары иштен алынды

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон. Белгилеп кетсек, Бекташов аталган кызматка 2022-жылдын сентябрында дайындалган.

Май куюучу жайлар атайын видеокамераларды орнотууга милдеттендирилиши мүмкүн

Кыргызстандагы май куюучу жайлар маалыматтарды салык кызматына реалдуу убакыт режиминде жеткирүүчү видеокамераларды орнотууга милдеттендирилиши мүмкүн. Токтом долбоорун Экономика министрлиги талкууга алып чыкты. Мекеме Кыргызстанда коңшу өлкөлөрдөн мыйзамсыз мунай продуктуларын ташуу уланып жатканын белгилейт. Маалыматка ылайык, бир күндө багына 1 миң литрге чейин бензин ташылган 50гө… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, объект 2025-жылга чейин колдонууга берилип калат.   Күтүлгөндөй, завод жылына 500 миң тонна мунайды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болот. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат.

Бишкекте көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейд өттү

Бишкекте көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейд өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Рейддин жыйынтыгында Горький көчөсүнүн Б.Баатыр көчөсүнөн Ауэзова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 53 баннер алынды.   Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн баштап П.Лумумба көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 86 жарнамалык конструкция жана 13 баннер… Кененирээк…

Майлуу-Суу шаарында үч отказан тең иштеп баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады

Майлуу-Суу шаарында үч отказан тең иштеп баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук берилүүдө. Эске салсак, 13-январдан тарта Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп,… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде көпчүлүк күткөн жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде көпчүлүк күткөн жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар бири бирине оригиналдуу сапат менен сүрөт жөнөтө алат. Ал эми учурда мессенджер жөнөтүлгөн бардык сүрөт-видеолордун көлөмүн кысып, сапатын төмөндөтүп салат.   Жыйынтыгында сүрөттөр даана көрүнбөй калат. Учурда функция иштелип чыгууда.   Жакынкы арада ал бардык… Кененирээк…

Кыргызстанда өткөн жылы бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе өстү

Кыргызстанда өткөн жылы бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе өстү.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо тармактарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, техперсоналдын маянасы көбөйтүлдү. Айлык көтөрүү президенттин жарлыгына ылайык жургүзүлгөн.   Бул максатта 30 миллиард сом талап кылынды.