“Аватар” тасмасынын экинчи бөлүгү дүйнөлүк прокатта 2 миллиард доллардан ашык чогултту

“Аватар” тасмасынын экинчи бөлүгү дүйнөлүк прокатта 2 миллиард доллардан ашык чогултту.   Ал мындай эбегейсиз жыйынтыкка жеткен алтынчы кино болду. Буга чейин 2 миллиарддык чектен “Аватардын” биринчи бөлүгү, “Титаник”, “Өч алуучулар. Финал”, “Жылдыздуу согуштар” жана “Өч алуучулар. Чексиздик согушу” тасмалары ашкан.   Эске салсак, “Аватар-2”… Кененирээк…

Баткен облусунда өрүк майын чыгаруу боюнча цех ачылды

Баткен облусунда өрүк майын чыгаруу боюнча цех ачылды. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, объект Кара-Бак айылында жайгашкан. Долбоор Япония өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашты.   “Азык-түлүк үчүн эмгек” программасынын алкагында аймакта коомдук иштерге 25 миңден ашык жаран тартылды. Жыйынтыгында алар 100 килограммдан ун жана 10 литрден… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетика тармагын каржылоого жана кышка даярдык көрүүгө 15 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн

Кыргызстанда энергетика тармагын каржылоого жана кышка даярдык көрүүгө 15 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражаттын басымдуусу – электр энергиясынын импортуна, Бишкек, Ош ЖЭБдерине көмүр сатып алууга жана Камбар-Ата-1, Бала-Саруу ГЭСтеринин курулушуна багытталган.   Андан тышкары, акча бюджеттик уюмдарга көмүр сатып алууга, коммуналдык… Кененирээк…

Улуттук госпиталга 35 млн. сомдук нейрохирургиялык микроскоп тапшырылды

Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскобу тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 35 миллион сомдук аппаратты «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому алып берген. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын айтымында, заманбап аппарат операциялардын сапатын жогорулатып, дарыгерлердин ишин жеңилдетмекчи.… Кененирээк…

Париж туризм үчүн дүйнөдөгү эң кирешелүү шаар деп аталды

Париж туризм үчүн дүйнөдөгү эң кирешелүү шаар деп аталды. Аналитиктердин маалыматына ылайык, Франция борбор шаарынын туризмдин эсебинен экономикага кошкон салымы өткөн жылы 36 миллиард долларга жетти.   Бул тизмеде экинчи сапта Пекин жайгашат – 33 миллиард менен, үчилтикти 31 миллиард доллар кирешеси менен Орландо шаары… Кененирээк…

Бишкекте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты өтүп жатат

Бишкекте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты өтүп жатат. Мелдештер 21-январда старт алды, бүгүн жана эртең ошондой эле эркин күрөш боюнча турнир өтөт.   Анын жыйынтыгы менен Азия чемпионатына жана башка эл аралык, лицензиялык чемпионаттарга тандоо жүргүзүлөт.

Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет. Бул тууралуу Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, заманбап окуу жайлар Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Каракол шаарларында жана Ош, Чүй, Нарын облустарында пайда болот.   Ар бири 1 миң 200 окуучуга чакталган мектептердин курулушу 3 жылдан… Кененирээк…

Кыргызстандагы 1 миң 873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476сында эскилиги жеткен

Кыргызстандагы 1 миң 873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476сында эскилиги жеткен. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.   Анын айтымында, бийлик тарабынан 2026-жылга чейин айылдарды толук кандуу таза суу менен камсыздоо программасы кабыл алынды.  … Кененирээк…

Майлуу-Сууда авариянын кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Майлуу-Сууда авариянын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Куткаруучулар учурда 15 чакырым суу түтүктөрүн ээритип жатат, — деп билдиришти 24 агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.   Жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылууга атайын техника тартылды. Гуманитардык жардам катары 20 тонна ун, 8 тонна кумшекер жана 4 тонна… Кененирээк…

Барскоон – Ак-Шыйрак жолунда жааган калың кар жолду жаап калды

Ысык-Көл облусунун Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 145-чакырым бөлүгүндө калың кар жаап, жолду жаап калды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы кээ бир жерлерде 1 метрге чейин жетет. “Түнү менен жолду кардан тазалоо жана каттам ачуу, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү”, — деп… Кененирээк…