Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 16-23-январга чейин өлкөдө инфекциянын 7 миңден бир аз ашык учуру катталган. Бул көрсөткүч бир жума мурункуга салыштырмалуу 15 пайызга аз. Бирок абанын төмөн температурасы иммундук системага таасир этип, адамдын ден соолугуна зыян тийгизиши мүмкүн. Андыктан… Кененирээк…

Бейонсе төрт жылдан бери биринчи жолу концертин берди

Бейонсе акыркы төрт жылдан бери биринчи жолу концер берди. Ал Бириккен Араб Эмираттарындагы жаңы мейманкананын ачылышында ырдады. Иш-чарага башка атактуулар да катышты. Алардын арасында Кендалл Дженнер, Ребел Уилсон, Марк Райт жана башкалар бар. Бир сааттык шоу үчүн Бейонсеге 35 миллион доллар төлөнгөнү кабарланууда.

Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоого ЕРӨБ 17 млн евро бөлөт

Оштогу Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоого Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 17 миллион евро бөлөт. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңеш жактырды. Каражаттын бир бөлүгү насыя, калганы гранттык негизде берилет. Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.… Кененирээк…

Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын тѳрагасы келет

Бүгүн Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын тѳрагасы Маулен Ашимбаевдин расмий иш сапары менен келери күтүлүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Маулен Ашимбаев тет-а-тет жана кеңейтилген форматта жолугушат.

Британ музейинде мумия деген сөзгө тыюу салуу сунушталууда

Британ музейинде мумия деген сөзгө тыюу салуу көздөлүүдө. Байыркы египеттиктер жөнүндө сөз кылган музей кызматкерлеринин лексиконунда бул сөз дээрлик колдонулбай калган. Британдыктар бул термин коркунучтуу тасмалардагы каармандарды эске салат деп эсептешет. Мумия деген сөздүн ордуна алар “мумияланган адам” деп айтууну сунушташууда. Британ музейинин бул позициясын… Кененирээк…

Өзбекстан Кыргызстанга автобус каттамын жандантты

Өзбекстан бир жумага созулган тыныгуудан кийин Кыргызстанга автобус каттамын жандантты. Массалык маалымат каражаттары билдиргендей, автобустар Россия менен Казакстанга да каттай баштады. Белгиленгендей, жакынкы убакта эл аралык автобустук каттамдардын саны көбөйтүлөт. Эске салсак, транспорттун ишиндеги үзгүлтүккө катуу суук себеп болгон.

WhatsAppта өзүнө-өзү билдирүү жөнөткөн функция пайда болду

WhatsAppта өзүнө-өзү билдирүү жөнөткөн функция пайда болду. Мындай мүмкүнчүлүк учурда бардык колдонуучуларга жеткиликтүү. Телефон номер байланыштар тизмесиндеги «билдирүү жөнөтүү» белгисин басканда чыгат. Функция эскерүүлөрдү, эскертүүлөрдү, шилтемелерди жана сүрөттөрдү адамдын өзүнө жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Мессенджердин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн тиркеменин эң акыркы версиясын жүктөө керек.

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун төртүнчү туру башталды

Бүгүн Кыргызстанда жогорку окуу жайларга контракттык негизде кышкы кабыл алуунун 4-туру башталды. Билим берүү министрлиги билдиргендей, ал 28-январга чейин уланат. Каттоого сунушталгандардын тизмеси анын эртеси белгилүү болот. Кабыл алуунун толук жол-жобосу министрликтин сайтында жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, биринчи, экинчи жана үчүнчү этапта 300дөн ашык адам жогорку… Кененирээк…

GoBus кызматынын Караколго билеттери февралга чейин сатылды

GoBus кызматынын Караколго билеттери февралга чейин сатылды Бул тууралуу Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди. Анын айтымында, 1-февралга чейинки билеттердин баары мобилдик тиркеме аркылуу сатылды. “Билеттердин баарынын сатылышы калк арасында бул кызмат керек экенин айгинелейт”, — дейт ал. Эске салсак, GoBus кызматынын… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү азауюда

Токтогулдагы суунун көлөмү азауюда. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы резервуарында 9 миллиард 889 миллион куб метр суу бар. Суунун агып келиши секундасына 112 куб метр болсо, керектөө 863 куб метрди түзүүдө. Буга байланыштуу энергетиктер керектөөчүлөрдү жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.