Өзгөн районундагы Большевик кыштагында жаңы мектеп курулду
Өзгөн районундагы Большевик кыштагында 225 орундуу жаңы мектеп курулду. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган айылда буга чейин мектептин имараты болгон эмес. Курулуш Сауд Арабиясынын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Мектеп жакында пайдаланууга берилет. Белгилеп кетсек, билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда авариялык абалдагы 245 мектеп бар.… Кененирээк…