Роналдунун айлыгынын 90 пайызын Сауд Арабия мамлекети төлөйт
«Аль-Насрдын» чабуулчусу Криштиану Роналдунун айлыгынын көбү Сауд Арабиянын өкмөтүнөн төлөнөт. Массалык маалымат каражаттары клуб португалиялыкка болгону 10 пайыз берип жатканын жазышууда. Калган сумманы мамлекет өзүнө алат. Эске салсак, Роналдунун “Аль-Насрдагы” айлыгы 200 миллион еврону түзөт. Анын келишими 2025-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.