Кыргызстандын куткаруучулары зилзаладан жабыркаган Түркияга жөнөтүлөт

Кыргызстандын куткаруучулары зилзаладан жабыркаган Түркияга жөнөтүлөт.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. “Эдельвейс” атайын багытындагы 65 куткаруучу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берет.   Эске салсак, Түркиянын түштүк-чыгышында бүгүн 2 жер титирөө катталды. Алардын күчү очогунда 7,5 жана 7,8 баллга жетти. Алдын ала маалымат… Кененирээк…

Швейцарияда дүйнөдөгү эң чоң көйнөк формасындагы торт жасалды

Швейцарияда дүйнөдөгү эң чоң көйнөк формасындагы торт жасалды. Укмуштуу кондитердик азык үлпөт той көргөзмөсүндө тартууланды. Анын салмагы  130 килограммга жетет.   Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү рекордду каттады, бул үчүн торт-көйнөктү кийип алып, модель 5 метр басышы керек болду. Андан кийин торт көргөзмөнүн конокторуна таратылды.

WhatsApp  тиркемесинде жаңы функция пайда болот

  WhatsApp  тиркемесинде жаңы функция пайда болот.   Эми колдонуучулар жеке же тайпалык чаттарда каалаган билдирүүсүн жогору жакка бекитип кое алат. Мындай билдирүү дайыма баарлашуунун эң үстүндө көрүнүп турат.   Ага басып, колдонуучулар каалаган учурда билдирүүнү окуй алат. Жаңычылдык бардык колдонуучулар үчүн жакынкы арада жеткиликтүү… Кененирээк…

Ошто аз камсыздалган үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

Ошто аз камсыздалган үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул максатта каржылык колдоону кайрымдуулук фонддорунун бири көрсөткөн.   Жыйынтыгында 100 үй-бүлөгө азык-түлүк жана жылуу кийимдер топтому акысыз тапшырылды.

Кемин районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Кемин районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, борбордун жалпы аянты 1 миң 100 чарчы метрден ашат.   Күтүү залы 70 кишиге чакталган. Борбордо райондун тургундарына паспорт, нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жерри боюнча маалымкат, кайра каттоо жана башка бир… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар кайрадан күч алууда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар кайрадан күч алууда. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаметинен билдиришкендей, соңку бир жума ичинде 6 миң 377 бейтап медициналык жардамга кайрылды, бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 6,5 пайызга көп.   Бардык мектептер кадимки тартипте иштеп жатат. Оору… Кененирээк…

Бишкекте Кыргызстан-Индия ишкерлер форуму өтүүдө

Бүгүн 6-февралда Бишкекте Кыргызстан-Индия бизнес форуму өтүп жатат. Форумга катышуу үчүн эки өлкөдөн жалпысынан 250дөй ишкер чогулганын президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Агенттиктин директору Умбриэл Темиралиев өз сөзүндө ортодогу ишкерлик кызматташтыгын бекемдөөнүн негизги багыттарын, Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, долбоорлор, жеңилдиктер… Кененирээк…

“ПСЖнын” коргоочусу Маркиньос франциялык клуб менен жаңы келишим түзөт

“ПСЖнын” коргоочусу Маркиньос франциялык клуб менен жаңы келишим түзөт.   Оюнчунун макулдашуусу 2026-жылга чейин эсептелет жана бир сезонго узартуу мүмкүнчүлүгү каралат. Эске салсак, Маркиньос ПСЖ үчүн 2013-жылдан бери ойноп келет.   Ага чейин ал италиялык “Романын” курамында болчу. Франция чемпионатынын азыркы сезонунда коргоочу 21 беттеш… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы мартта эки достук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы мартта эки достук беттеш өткөрөт.   Жолугушуулар Индия жана Мьянма улуттук командалары менен уюштурулат. Оюндар Катарда ушул жайда өтө турган Азия Кубогуна даярдык катары пландалды.

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Аталган трассалар менен жүрүүдө айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500… Кененирээк…