“Реал”, “Барселона” жана “Ювентус” жаңы Суперлига турнирин түзүү сунушун көтөрүштү

“Реал”, “Барселона” жана “Ювентус” жаңы Суперлига турнирин түзүү сунушун көтөрүштү. Кийин ал Чемпиондор лигасын алмаштырышы мүмкүн. Ага 80ге жакын клуб катыша алат.   Командалар 2 дивизионго бөлүнүп, сезондо 14 беттештен өткөрөт. Турнирди түзүү себеби айрым футбол клубдарынын каржылык маселелеринде.

Соода-өнөр жай палатасынын алдында Курулуш комитети түзүлдү

Бүгүн, 9-февралда Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Кыргызстандагы ири курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Ал Фейсбуктагы баракчасына Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөөдөн кийин Кыргызстандагы курулуштардын сапаты тууралуу маселеге көңүл бурулушу керектигин жазды. Мындан улам аталган палатанын алдында Курулуш комитетин түзүү чечими кабыл алынганын… Кененирээк…

Кыргызстан Түркиядан Өзбекстан аркылуу алты жаранын эвакуациялады

Түркиянын жер титирөө болгон аймактарынан дагы алты кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 9-февралдын кечинде билдирди.   Газиантеп шаарынан Өзбекстан уюштурган атайын авиа каттам менен чыккандардын арасында алты кыргызстандык бар экени, алар Ташкентке жеткенде кыргыз элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мекенине жетүүгө жардам… Кененирээк…

Япония Кыргызстанга 7,5 миллион доллар бөлүп берди

Япония Кыргызстанга 7,5 миллион доллар бөлүп берди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат гранттык негизде тапшырылды. Акча Бишкек жана Чүй облусунун ооруканалары үчүн жаңы медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат деп пландалууда.   Ведомстводон эске салышкандай, Кыргызстан менен Япония ортосундагы дипломатиялык мамиле 30 жыл мурда түзүлгөн.  … Кененирээк…

Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт

Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт. Бул тууралуу novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын отряддын кызматкерлери жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана уранды алдынан куткаруу иштерине жардам берет.   Бул үчүн керектүү буюмдарды жана жабдууларды алар өздөрү ала кетет.   Алдын ала маалымат боюнча,… Кененирээк…

Боршайком жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады

Боршайком жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады.   Ал “Тизме” мамлекеттик порталында жарыяланат. Ага 70 миңден ашык жаран киргизилди. Тизмелер 18-февралга чейин шайлоо тилкелеринде илинет.   Ошол күндөн тарта 24-мартка чейин жарандар өздөрүн тактап алышы керек. Эске салсак, жергиликтүү шайлоолор Нарын,… Кененирээк…

Лионель Месси жана ПСЖ жаңы келишимдин эрежелерин талкуулоого киришти

Аргентиналык Лионель Месси жана ПСЖ жаңы келишимдин эрежелерин талкуулоого киришти. Макулдашуу 1 же андан көп сезонго жетишилет деп күтүлүүдө. Акыркы чечимди футболчу өзү кабыл алат.   Жакынкы арада Мессинин жана клубдун өкүлдөрү расмий форматта жолугушуу өткөрөт. Эске салсак, аргентиналык жылдыздуу оюнчу 2021-жылы “Барселонадан” ПСЖга өткөн.… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде үн билдирүүлөрүн жактырбагандар үчүн жаңы функция ишке кирет

WhatsApp тиркемесинде үн билдирүүлөрүн жактырбагандар үчүн жаңы функция ишке кирет. Мессенджерде эми үн билдирүүсүн текстке айланта турган мүмкүнчүлүк пайда болот.   Маалыматка ылайык, чечмелөө тил топтомдорунун жардамы менен түз эле тиркеменин ичинде жүргүзүлөт. Жаңычылдык учурда сыноодон өтүп жатат. Ал ийгиликтүү өтсө, жакынкы арада бардык колдонуучуларга… Кененирээк…

Кыргызстандын туризм тармагындагы кызматкерлер жана студенттер Австрияга тажрыйба топтоого бара алат

Кыргызстандын туризм тармагындагы кызматкерлер жана студенттер Австрияга тажрыйба топтоого бара алат. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, тиешелүү суроо Зальцбургдагы өнөктөштөр менен талкууланды.   Стажер болуш үчүн немис тилин базалык деңгээлде билүү керек. Учурга карата 15 адис тууралуу кеп болуп жатат. Тажрыйба топтоо мөөнөтү азырынча белгисиз.

Кыргызстандын коммерциялык банктары өткөн жылы 5 эсе көп киреше тапты

Кыргызстандын коммерциялык банктары өткөн жылы 5 эсе көп киреше тапты. 2022-жылдын жыйынтыгы менен таза киреше 23 миллиард 700 миллион сом түштү.   Бул рекорддук көрсөткүч экенин Улуттук банктан билдиришти.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, чет элдик валютага болгон суроо-талаптын өсүшү республикадагы коммерциялык банктарда валюталык… Кененирээк…