Сингапур бийлиги бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда

Сингапур бийлиги бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда.   Эми өлкө аймагына кирүүнү каалаган туристтерге вакцинация тууралуу сертификат жана камсыздандыруу көрсөтүү милдеттүү эмес.   Андан тышкары, коомдук транспортто бет кап тагынуу режими алынып жатат. Бирок медициналык жайларда маска тагынуу керек болот. Мындай жеңилдиктер 13-февралдан тарта киргизилет.

Кара-Сууда Өзбекстанга кеткен туннель табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда Өзбекстанга кеткен туннель табылганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.   Маалыматта операция 9-февраль күнү УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери менен биргеликте жасалганы айтылат.   «Мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган… Кененирээк…

Криштиану Роналду “Аль-Насрдын” курамында расмий беттеште биринчи покерди каттады

Криштиану Роналду “Аль-Насрдын” курамында расмий беттеште биринчи покерди каттады. Сауд Арабия чемпионатынын 16-турунда клуб “Аль-Вахдага” каршы ойногон.   Оюн “Аль-Насрдын” пайдасына 4:0 эсебинде жыйынтыкталды. 4 голду тең  атаандаштын дарбазасына Роналду киргизди.

Бишкекте 4 эм төрөлдү

Бишкекте 4 эм төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 29 жаштагы эне жарык дүйнөгө 3 кыз жана бир уулду Чүй төрөт үйүндө алып келди.   Алардын ар биринин салмагы 2 килограммдан ашып, бою 46-48 сантиметрди түзөт. Дарыгерлердин айтымында, учурда эне-балдардын абалы канааттандыраарлык.

Кыргызстанда Конституциянын 30 жылдыгын  өткөрүүгө даярдыктар башталды

Кыргызстанда Конституциянын 30 жылдыгын  өткөрүүгө даярдыктар башталды. Президент администрациясынын маалыматына ылайык, атайын уюштуруучу комитет түзүлөт.   Мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, депутаттарга, аскерлерге, укук коргоочуларга жана эмгек ардагерлерине арналган мааракелик медалдарды чыгаруу чечими кабыл алынды. Каражат президент фондунан бөлүнөт.   Калган иш-чараларды өткөрүү жергиликтүү органдарга жүктөлөт. Эске… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.   Эске салсак, Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Кыргызстан жардам берүүгө алгач 60 куткаруучуну жөнөткөн.   Андан тышкары, дагы… Кененирээк…

WhatsApp ири жаңылануу тууралуу жарыялады

WhatsApp ири жаңылануу тууралуу жарыялады. Колдонуучулар статусту көрө турган аудиторияны өзү иргей алат. Андан тышкары, эми үндүү статустарды чыгарса болот.   Мындай билдирүүнүн убактысы 30 секунддан ашпашы керек. Ошондой эле статустарга реакция калтыруу, алардын жардамы менен жооп берүү мүмкүнчүлүгү дагы киргизилет. Жаңы функциялар айрым колдонуучуларга… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү түйүнү кадимки тартипте иштеп баштады

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү түйүнү кадимки тартипте иштеп баштады. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тарап жолго түшкөн таштарды тазалап бүттү.   Буга чейинки киргизилген алгоритм боюнча “Торугарт унаа жолу” аркылуу жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп баштады. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү бекети дагы кадимки… Кененирээк…

Кыргызстан тоңдурулган этти киргизүүгө жеңилдиктерди алды

Кыргызстан тоңдурулган этти киргизүүгө жеңилдиктерди алды. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү чечимди Евразиялык экономикалык комиссия кабыл алды.   Эми республикага бажы пошлинасы жок 2,5 миң тоннага чейин тоңдурулган уй этин алып кирсе болот.   Тарифтик жеңилдиктер ушул жылдын 31-декабрына чейин берилди. Белгилеп кетсек, кеп  кайра… Кененирээк…

Өлкө аймагынан пиязды экспорттоого киргизилген чектөөлөр Кыргызстандын бардык ишкерлерине тиешелүү

Өлкө аймагынан пиязды экспорттоого киргизилген чектөөлөр Кыргызстандын бардык ишкерлерине тиешелүү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги Римма Киселева билдирди.   Анын айтымында, буга чейин экспорт үчүн камдалып, сактоочу жайлардагы пиязды дагы сыртка чыгарууга болбойт.   Ал эми ишкерлердин буга чейин жетишилген макулдашуулары боюнча… Кененирээк…