Бишкекте көчөт отургузуу иштери уланууда

Бишкек шаарында кышкы көчөт отургузуу иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын багбандары жабык тамыр тармактары менен ийне жалбырактуу көчөттөрдү Абдрахманов, Ибраимов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнө отургузууда. Жалпы 170 даана жаңы көчөт отургузулат.

Кыргызстандык куткаруучулар эми издөө-куткаруу иштерин Хатайда улантат

Кыргызстандык куткаруучулар эми издөө-куткаруу иштерин Хатай шаарында улантат. Бул тууралуу Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү өкмөттүн өтүнүчү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 160 адамдан турган тобу жер титирөөлөрдүн кесепетинен эң көп зыян тарткан Хатайга көчүп жатышат. Кыргызстан Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине… Кененирээк…

Күчүктү класска алып келген баланы тилдеген мугалимге сөгүш жарыяланды

Күчүктү класска алып келген 4-класс баланы тилдеген мугалимге сөгүш жарыяланды. Билим берүү министрлиги Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон окуя боюнча мектеп директоруна жана социалдык педагогго эскертүү, баланы тилдеп, видеого тарткан мугалимге катуу сөгүш берилгенин билдирди. Эске салсак, класска күчүк алып келгени үчүн мектеп окуучусун тилдеген… Кененирээк…

Кыргызстанда жакын арада дизелдин баасы арзандабайт

Кыргызстанда жакын арада дизелдик отундун баасы арзандабайт. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда дизель майынын литри 74 сом 70 тыйындан сатылууда. Баа саясаты көбүнчө россиялык өнөктөштөрдөн көз каранды. Алар февраль үчүн дүң бааны дагы 10 пайыз жогору… Кененирээк…

Былтыр абитуриенттердин 40 пайызы ЖРТдан 110 баллдан аз алышкан

Кыргызстанда былтыр абитуриенттердин 40 пайызы жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинен 110 баллдан аз алышкан. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Акыркы үч жылда ЖРТдан начар натыйжа көрсөткөн райондордун саны тогуздан 15ке көбөйгөн. Алсак, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ЖРТ эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон… Кененирээк…

“Түркия – бир жүрөк” телемарафонунда 6 миллиард доллардан ашык чогулду

«Түркия – бир жүрөк” телемарафонунда 6 миллиард доллардан ашык чогулду. Anadolu агенттигинин маалыматына караганда, иш-чарага дүйнөнүн булуң-бурчунан 200дөн ашык телеканал жана 600гө жакын радио колдоо көрсөткөн. Түз чалуулардан тышкары 9 миллион смс келген. Түз эфирдеги чалууларды Түркиянын белгилүү маданият өкүлдөрү кабыл алышты. Анда дүйнөнүн чар… Кененирээк…

Венгриялык компания Кыргызстандын балын даңазалаган ролик тартты

Венгриялык компания Кыргызстандын балын даңазалаган ролик тартты. Видео Будапештте өткөн кыргыз-венгер форумунда көрсөтүлдү. Анда дүйнөдөгү эң мыкты татым Кыргызстандын балы экени белгиленди. Эми алар Кыргызстанды дүйнөдөгү эң мыкты бал өндүргөн жер катары Европа Биримдигине таанытуу боюнча жарнамалык өнөктүгүн баштады.

Көк бөрү федерациясынын президенти алмашты

Бишкекте Көк бөрү федерациясынын президентине нааразычылыктарын билдирүү максатында федерациянын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана улакчылар чогулду. Алар Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевге карата нааразычылыктарын айтып, аны алмаштыруу маселесин көтөрүштү. Жыйынга келген улакчылардын айтымында, буга чейинки өткөрүлгөн көк бөрү оюндарынын байгеси бүгүнкү күнгө чейин бериле элек.… Кененирээк…

Рианна жаңы музыкалык альбомун чыгарууга даяр экенин билдирди

Ырчы Рианна жаңы музыкалык альбомун чыгарууга даяр экенин билдирди. Артист күйөрмандарын быйыл кубантууну каалай турганын айтты. Анын акыркы альбому «Анти» деген ат менен 2016-жылы чыккан. Рианна ошондон бери толук метраждуу альбом чыгарбаганын «Анти» менен бирдей деңгээлдеги музыка жарата албаганы менен түшүндүрдү.

Түркия: жер титирөөдөн жабыркаган дээрлик 42 миң имарат бузулат

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 миң 791 имарат калыбына келтирилбей бузулат. Бул тууралуу Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун маалыматына таянып, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди. “Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Дерья Яныктын берген… Кененирээк…