Кыргызстандык футболчу Литванын клубу менен келишим түздү
Кыргызстандык футболчу Литванын клубу менен келишим түздү. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Шерали Юлдашев Литванын премьер-лигасындагы “Дайнава” клубу менен иштешмей болду. Юлдашев өткөн сезондо Швециянын “Умео” клубунда ойногон. Ал улуттук курамада 2022-жылы Россия менен болгон жолдоштук беттеште дебют жасаган.