Чаткалда 15 тургун коопсуз жайга көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунуна караштуу Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну кар көчкү коркунучунан улам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» жергиликтүү бийлик кабарлашты. Чаткал районуна баруучу негизги каттамдын Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүп калганына байланыштуу жол жабылган. Учурда кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан. Мындан улам Жарандык… Кененирээк…

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Жолчулар трассаларды кардан тынбай тазалап, инерттүү материал себилип жатат. Бирок аба-ырайынын шарттарына байланыштуу тоолуу трассаларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Мындан улам, алыскы аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга эрежелерди так сактап, ылдамдыкты… Кененирээк…

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды. Аталган чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине ылайык кабыл алынган. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз… Кененирээк…