Өлкөнүн 5 облусундагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого 18 миллион сомдон ашык жумшалат

Өлкөнүн 5 облусундагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого 18 миллион сомдон ашык жумшалат.   БШКнын маалыматына ылайык, бул суммага шайлоо комиссияларына керектүү материалдар сатылып алынат.   Андан тышкары, кызматкерлердин айлыгы, байланыш жана транспорт чыгымдары каралган. Эске салсак, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы жергиликтүү кеңеш… Кененирээк…

Facebook жана Instagram акы төлөнүүчү верификация кызматын киргизүүдө

Facebook жана Instagram акы төлөнүүчү верификация кызматын киргизүүдө. Мета компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдиргендей, акылуу верификация 18 жаштан өткөндөргө берилет.   Баасы онлайн сатып алгандарга айына 12 доллар, мобилдик тиркеме аркылуу сатып алгандарга айына 15 долларды түзөт. Кызматты алуу үчүн колдонуучу документ көрсөтөт, анын реквизиттери… Кененирээк…

Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда.   Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей, 13-февралдан 20-февралга чейин республикада дээрлик 7 миң учур катталды.   Бул буга чейинки аптага салыштырмалуу 500 учурга көп. Өлкөдө күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Дарыгерлер эл… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.   Буга байланыштуу, тилке унаа кыймылына жабык. Артиллериялык атып түшүрүү жумуштарынан кийин трасса кардан тазаланышы керек.   Андыктан, жол кыймылга качан ачылат, азырынча белгисиз. Бул түшүрүлгөн кар көчкүлөрдүн көлөмүнөн көз… Кененирээк…

Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант бөлүп берет

Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант бөлүп берет. Унаа жана жолдор министринин орун басары Акуналы Досалиев билдиргендей, аталган өлкө 5 миллион доллардан ашык каражатты кайтарымсыз негизде берүүгө даяр.   Бул суммага ошондой эле 53 даана атайын техника сатып алып, асфальт чыгаруучу завод куруу пландалууда. Чиновник… Кененирээк…

Бишкектин 2 жаңы конушунда эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин 2 жаңы конушунда эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, Мурас-Ордо конушунда таза суу эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жок болсо, Калыс-Ордодо күндүзгү 3кө чейин суу берүү чектелет.   Мындай чара шаар тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанда мейманканаларды онлайн брондоо боюнча 5 система ишке кирет

Кыргызстанда мейманканаларды онлайн брондоо боюнча 5 система ишке кирет. Туризмди өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, система конок үйүнүн сайтына кошулат.   Кардарга номердин категориясын тандап, жайгаша турган күндөрүн белгилеп койсо жетиштүү. Системаларда мейманканалардагы бош бөлмөлөрдүн саны көрүнүп турат. Фонддон белгилешкендей, жаңычылдык туристтердин санын көбөйтүп, ишкерлерге КМШнын… Кененирээк…

Кыргызстанда курулуш тармагын реформалоо пландалууда

Кыргызстанда курулуш тармагын реформалоо пландалууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн сейсмологиялык өзөчөлүктөрүн эске алуу менен программа долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.   Тиешелүү иштерди аткарууга профилдик кызматтарга 2 жума берилди.   Белгилеп кетсек, Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн кийин кыргызстандыктар биздин өлкөдөгү жаңы объектилердин курулуш… Кененирээк…

Кыргызстандын куткаруучулары Түркиядан эртең, 21-февралда кайтып келишет

Кыргызстандын куткаруучулары Түркиядан эртең, 21-февралда кайтып келишет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында Кыргызстандан барган 170тен ашык куткаруучулар, дарыгерлер жана психологдор иштеди. Алар тобу менен 7-февралдан тарта жөнөп кеткен.   Андан тышкары, Кыргызстандын бийлиги Түркияга гуманитардык жардам дагы жөнөттү.… Кененирээк…

Тогуз-Тородо кар көчкүдөн бир киши каза болду

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда 45 жаштагы киши кар көчкү алдында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Министрликтин маалыматында, 19-февралда Атай айылынын жашоочусу жылкы карап тоого кеткен.   Саат 15:00 чамасында тоодон көчкү түшүп, маркум кардын алдында калган. Жанындагы эки киши аман-эсен куткарылды.… Кененирээк…