Бийлик Бишкек — Нарын, Ош — Эркеч-Там жолдоруна акы алынарын билдирди

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги соцтармактагы расмий баракчасына Кыргызстанда акы төлөп жүрө турган унаа жолдордун тизмесин чыгарды. Мекеме бардык эле жолдорго акы төлөнбөй турганын белгилеген. «Акы төлөнүүчү жолдор инновация эмес, ал тургай көзгө көрүнгөн келечек да эмес, бул — реалдуу чындык. Анткени бардык магистралдар үчүн жыйым… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр 500дөн ашык кишиге кайрылман макамы берилди

2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында билдирди.   Мунун 338и тажикстандык кыргыздар, 151и өзбекстандык кыргыздар, алтоо Кытайдан жана он чактысы Ооганстандан келген… Кененирээк…

Италияда өзгөчө үйдө жашоо сунушталууда

Италияда өзгөчө үйдө жашоо сунушталууда.   Турак жайдын сырткы дубалдары толугу менен күзгүдөн турат, ошондуктан ал көрүнбөгөндөй сезилет. Анда бир сутка жашоону каалагандар 235 доллар төлөшү керек.   Үйдө уктоочу бөлмө, конок бөлмөсү, ашкана жана жуунуучу жай бар. Андан тышкары, короосунда бассейн, терасса жана бакча… Кененирээк…

Кыргызстанда чет элдиктер үчүн медициналык камсыздандыруу милдеттүү болот

Кыргызстанда чет элдиктер үчүн медициналык камсыздандыруу милдеттүү болот. Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.   Белгилеп кетсек, учурда өлкө аймагына келгендер полисти ыктыярдуу негизде сатып алат. Андан тышкары, республика жарандары үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы кымбаттайт.   Эгер буга чейин кыргызстандыктар бир жылга… Кененирээк…

Таластын Кара-Буура району Айтматов деп өзгөртүлөт

Таластын Кара-Буура району Айтматов деп өзгөртүлөт.   Парламенттин жыйынында Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан, Ноокат районунун Борбаш айылын Кайрагач, Таластын Кара-Буура районундагы Чимгент айылын Чолпонбай, Кара-Буура районун Айтматов деп атоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.   Документ мамлекеттик кызыкчылыктарды, тарыхый, улуттук… Кененирээк…

Ошто мыйзамсыз менчиктелген 18 миллион сомдук жер мэрияга кайтарылды

Ош шаарында прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлады. Аталган органдын Ош шаардык бөлүмү Ош мэриясы тарабынан 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке… Кененирээк…

Мунапыс талаштуу үйлөрдүн баарына эле бериле бербейт

Бишкекте уруксатсыз курулган кабат үйлөрдүн баарына эле мунапыс бериле бербей турганын бүгүн 22-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Жоодарбек Атакеев билдирди.   Атакеев андай объекттердин саны 35ке… Кененирээк…

АКШ тургуну 263 килограммга арыктады

АКШ тургуну 263 килограммга арыктады. Эркек өспүрүм кезинен эле толуп баштаган. Ал бир гана тез даярдалуучу тамактарды жеп, аз кыймылда болгон. Бир жолу ал душка түшүп жатып, чыгуу үчүн жардамды 11 саат күтүүгө аргасыз болгон.   Ошол учурдан кийин ал арыктоо чечимин кабыл алып, ашыкча… Кененирээк…

Мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 31 миллион сом топтолду

Мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 31 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Эсепке жеке жана юридикалык жактардан каражат түшүп жатат.   Ал 2021-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен ачылган. Эске салсак, соңку маалыматтар боюнча өлкөнүн тышкы карызы 4,3 миллиард долларды түзөт.

Бишкекте жакынкы күндөрү тротуарларды оңдоо иштери жанданат

Бишкекте жакынкы күндөрү тротуарларды оңдоо иштери жанданат. Мэрия маалыматына ылайык, жумуштар Байтик Баатыр, Киев, Садырбаев, Панфилов жана Абай көчөлөрүндөгү жөө жүрүүчүлөр өтмөгүндө жүргүзүлөт.   Ремонт иштери аба-ырайы турукташканда башталат деп пландалууда.