Баткен облусунда 332 үй колдонууга берилди

Баткен облусунда 332 үй колдонууга берилди. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.   Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 422 үй жабыркаган. 418и жаңыдан курулса, 4 турак-жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Калган 86 үй мартта колдонууга берилет.  … Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар рассылка түзүп, башка колдонуучулар менен жаңылыктары менен бөлүшө алат. Ошол эле учурда анда башка жарнама болбойт, билдирүүлөр убактысына жараша жайгаштырылат.   Учурда функция иштелип жатат. Ал колдонуучуларга качан жеткиликтүү болот азырынча белгисиз.

Эртең «Унаанын» бардык филиалдары күндөгүдөй иштейт

Эртең, ишемби күнү, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын бардык филиалдары кадимки режимде иштейт. Ал эми жекшембиде үч бөлүм ачык болот. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Соңку кезде автоунаасын каттаган же кайра каттаткан адамдардын саны өскөнү белгиленди. Буга байланыштуу 25-февралда (ишемби күн) «Унаанын» бардык каттоочу бөлүмдөрү менен… Кененирээк…

Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматынан бошотулду

Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматынан бошотулду. Ведомство жетекчисинин милдетин Каныбек Иманалиев аткарат. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.   Мамбетакуновдун кызматтан кеткен себеби белгисиз. Ал министрлик кызматка былтыр 7-ноябрда дайындалган, ага чейин орун басар болуп иштеп жаткан. Каныбек Иманалиев болсо Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Айыл-чарба министрлиги пияздын экспортуна киргизилген чектөөнү алып салууну сунуштады

Айыл-чарба министрлиги пияздын экспортуна киргизилген чектөөнү алып салууну сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, өлкөнүн ай сайынкы ички керектөөсү 6 миң тоннаны түзөт, ал эми фермерлерде учурда 50 миң тонна запаста бар.   Андан тышкары, апрель айында жаңы түшүм алынат. Бул өз кезегинде азыктын ашыра көп болуусуна алып… Кененирээк…

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик органдары мамлекеттик сатып алууларга 40 миллиард 500 миллион сом коротту

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик органдары мамлекеттик сатып алууларга 40 миллиард 500 миллион сом коротту.   Бул тууралуу Акчабар агенттиги мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына шилтеме келтирип маалымдайт.   Белгилеп кетүүчү нерсе, бир жыл мурунку көрсөткүч дээрлик 33 пайызга көп болчу. Жалпысынан, соңку 5 жылга салыштырмалуу,… Кененирээк…

Бишкекте кургак учукту дарылоочу жаңы оорукана ачылды

Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукананын ачылыш салтанаты болуп өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн Германия Федеративдүү Республикасына ыраазычылык билдирди. «Бүгүн биз “Кургак учук менен күрөшүү программасы – V” гранттык… Кененирээк…

ПСЖнын коргоочусу Серхио Рамос Испания курамасындагы карьерасын жыйынтыктады

ПСЖнын коргоочусу Серхио Рамос Испания курамасындагы карьерасын жыйынтыктады.   Бул тууралуу 36 жаштагы оюнчу өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу жар салды. Рамостун айтымында, кураманын азыркы машыктыруучусу футболчуга үмүт арттырбай калды.   Эске салсак, Серхио Рамос “кызыл фурия” деп аталган Испания курамасы үчүн 180 беттеш өткөрүп, 23… Кененирээк…

Кыргызстанда эртең, ишемби жумуш күнү болот

Кыргызстанда эртең, ишемби жумуш күнү болот. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен эске салышкандай, жаңы жылдык алыш күндөрүн ыңгайлаштыруу максатында, 4-январдагы иш күн 25-февралга жылдырылган болчу.   Андыктан, 5 күндүк график менен иштегендер, эртең жумушка чыгат жана Кыргызстанда расмий түрдө эртең иш күнү болот.

Кыргызстанга “файзер” вакцинасы 26-февралда жеткирилет

Кыргызстанга “файзер” вакцинасы 26-февралда жеткирилет.   Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Жалпысынан коронавируска каршы препараттын 20 миң 500 дозасы келиши күтүлөт.   Жеткирүү COVAX программасынын алкагында ишке ашат. Вакцинаны гуманитардык жардам катары Кыргызстанга Франция элчилиги берип жатат.