Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шаар жана район жетекчилерине кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына ылайык, кызматтык унаалар Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар… Кененирээк…

Эки министрликте 340 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргызстанда эки министрликте жалпы суммасы 340 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. Маалыматта 2021-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөндүгү айтылат. Текшерүүнүн жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинде 320,7 миллион сомдук финансылык бузуулар аныкталды. Анын ичинен: 87,7 миллион сом… Кененирээк…

Түркия менен Сириядагы зилзаладан каза болгондордун саны 50 миңден ашты

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 50 миңден ашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигине (AFAD) таянып жазды. Соңку маалыматка ылайык, 6-февралдагы жер титирөөдөн каза тапкандар Түркияда 44 218 адам, Сирияда 5914 адамга жетти. Түркияда талкаланган 160… Кененирээк…

Пенсионерлердин 74 пайызы акчасын банк аркылуу алат

Кыргызстанда пенсионерлердин 74 пайызы акчасын коммерциялык банктар (анын ичинде карта менен) аркылуу алып калды. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, учурда пенсионерлердин саны 742 870ти түзөт. Анын ичинен 26 пайызы «Кыргыз почтасы» аркылуу, калган бөлүгү банктардан алары белгиленген. Узаган жылы 74 580… Кененирээк…

Милиция тез байып кетүүнү убадалаган шылуундардан сак болууну эскертти

Финансылык сабаттуулук төмөн болгондуктун кесепетинен көптөгөн жарандар алдамчылардын торуна түшүп калышы ыктымал. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз схемаларга акча салуунун тобокелчиликтери тууралуу эскертти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы көп киреше табууга убада берген күмөндүү сунуштар (алдамчылык) көбөйүп жаткандыгын белгиледи. «Тез байып кетүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштар менен… Кененирээк…

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  67 миллион сомдон ашык чогултту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  67 миллион сомдон ашык чогултту. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.   Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 18 жашка толгон жарандар аскердик каттоонун биринчи бөлүгүнө алынып, жалпысынан 3 миңден ашык улан чакырылат.   Алар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук комитетинин жана Мамлекеттик… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында талкаланган социалдык объектилердин курулушу сентябрга чейин аяктап, колдонууга берилет

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында талкаланган социалдык объектилердин курулушу сентябрга чейин аяктап, колдонууга берилет. Бул тууралуу аталган аймактын жашоочулары менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, жакынкы арада бала бакча, мектептер жана ооруканалардын курулушу башталат. Иштер толугу менен ушул жылдын сентябрына чейин… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды.   Кыргызстандык балбан 62 килограмм салмак категориясында килемге чыгып, катары менен Франция, АКШ жана Украинадан келген 3 атаандашын багындырды.   Ал эми финалда кытайлык атаандашын 3:2 эсеби менен утуп алды. Буга чейин турнирде күмүш медалды Акылбек… Кененирээк…

Россиянын компаниясы Кыргызстан дыйкандарынан 5 миң тонна жашылча-жемиш сатып алууга даяр

Россиянын компаниясы Кыргызстан дыйкандарынан 5 миң тонна жашылча-жемиш сатып алууга даяр. Бул тууралуу Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынан билдиришти.   Ишкана жашылча жана мөмө-жемиштерди сатууга адистешкен. Анын өкүлдөрү кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуп, экспорт маселелерин макулдашты.