Мирлан Бакиров кызматтан кетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров кызматтан кетти. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Маалыматка ылайык, анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды. Ал 2021-жылдан бери Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп турган. Мирлан Бакиров бул кызматты 2021-жылдын март айынан бери ээлеп турду.

Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу быйыл күзгө чейин аяктайт

Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу быйыл күзгө чейин толугу менен аяктайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Мындан алты жыл мурун салына баштаган Бишкек – Кара-Балта жолунун биринчи бөлүгү 45 чакырымдан ашат. Учурда долбоордун экинчи бөлүгүндө… Кененирээк…

Кыргызстандыктар грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандыктар грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик эл аралык турнирге катышат. Мелдештер 2-марттан 6-мартка чейин Болгарияда өтөт. Курама командага Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана Акжол Махмудов кирди.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек – Ош, Суусамыр – Талас – Тараз жана Каракол – Эңилчек унаа жолдоруна кар күрткүсү түшүшү мүмкүн. Мындан улам, бул трассаларда жүргөн айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сакташы керек.

Башка бирөөнүн жерин басып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Башка бирөөнүн жерин басып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги эскертет. Ведомство ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча курулуш жүргүзгөндөр 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын белгилейт. Ал эми мындай мыйзам бузууларга күбө болгондор милиция же жергиликтүү бийликке кайрылуусу керек.

Бюджеттик уюмдар үчүн борборлоштурулган эсепке алуу системасы иштелип чыкты

Каржы министрлиги бюджеттик уюмдар үчүн борборлоштурулган эсепке алуу системасын иштеп чыкты. Система түзүмдөрдүн финансылык абалы жөнүндө так маалымат алууга, алардын каражаттарынын эсебин жүргүзүүгө жана чыгашаларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Белгиленгендей, бул бардык мамлекеттик органдардын бухгалтердик эсебинин ачык болушу үчүн зарыл. Жаңы система тесттик режимде бир нече… Кененирээк…

Түркияда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталды

Түркияда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазып чыкты. Жер силкинүү бүгүн, 27-февралда саат 12:04төр чамасында Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда болду. Анын кесепети тууралуу азырынча так маалымат жок.

«Унаа» мамлекеттик мекемеси Бишкекте мындан ары дем алышсыз иштейт

«Унаа» мамлекеттик мекемеси Бишкекте мындан ары дем алышсыз иштейт. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеменин ордо калаадагы бөлүмдөрү ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 08:30дан кечки 17:30га чейин иш алып барат. Мунун себеби транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу.

Кыргызстанда орган кызматкерлери үй менен толук камсыз болот

Кыргызстанда орган кызматкерлери үй менен толук камсыз болот. Бул тууралуу Садыр Жапаров Бишкекте милиция, бажы жана прокуратура органдарынын айрым жетекчилерине жогорку наамдарды тапшыруу учурунда билдирди. Иш-чарада президент алдыдагы үч жылда бардык орган кызматкерлери үчүн ипотекалык үйлөр куруларын кабарлады. Быйыл жыл аягына чейин 15 миңдей батир… Кененирээк…

Хоккей боюнча улуттук курама дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Босния жана Герцеговинадагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Сараево шаарында өтө турган мелдеште алты мамлекеттен Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия жана Сингапурдан барган командалар күч сынашат. Кыргызстандын курамасы алгач Сингапурдун командасы менен оюнга бүгүн… Кененирээк…