Таласта облустук прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Талас облустук прокуратурасынын жаңыдан курулган имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Эки кабаттуу административдик имарат Талас шаарынын Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашып, кызматкерлер үчүн баардык шарттар түзүлгон.  

«Алькони» ишканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкектеги «Алькони» ишканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.   ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө жалпы беш күжүрмөн эсеп, бир суу ташуучу унаа жана ыкчам топ тартылган. «31-мартка караган түнү саат 03:10дор чамасында катталган өрт саат 05:55де чектөөгө алынган. Жалын толугу менен күндүзгү саат… Кененирээк…

Улуттук онкология борборуна эки заманбап аппарат сатылып алынды

Улуттук онкология жана гематология борборуна эки заманбап аппарат сатылып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, жаңы аппараттардын орнотулушу негизинен гинекологиялык оорулар менен кайрылган бейтаптарга көрсөтүлгөн нур терапиясынын көлөмүн көбөйтөт.   Жабдуулардын жалпы суммасы 1 миллион 400 еврону түзөт.

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эки өлкө ортосундагы 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.   Мындай макулдашуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуйдун Бишкектеги жолугушуусунда жетишилди.   Мындан тышкары тараптар… Кененирээк…

Баткен районунда таза суу көйгөйү качан чечилет?

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Самаркандек айыл аймагына иш сапарынын алкагында аймакты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштен кабар алды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, айыл аймакта негизинен ичүүчү суу көйгөйү жаралып келет. Элди таза суу менен камсыз… Кененирээк…

Чоң-Алайда аз камсыз 700 үй-бүлөгө жардам берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районунда аз камсыз 700 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасына араб фонду демөөрчүлүк кылган.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда эки кичи ГЭС курулууда

Чүйдүн Ысык-Ата районунда эки кичи ГЭС курулууда. Аталган райондун администрациясынан билдиришкендей, учурда биринчи объектте жумуштар 50 пайызга аяктап калды. Кубаттуулугу 2 МВт болгон бир кичи ГЭС май-июнь айларында иштей баштайт. Ал эми экинчи гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 4 МВт түзөт. Ал качан пайдаланууга берилери такталган жок.

Баткен районунун акими сел жүргөн аймактан кабар алды

Баткен районунун акими сел жүргөн аймактан кабар алды. Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Учкунбек Жоробаев катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн Самаркандек айыл аймагына караштуу Жайылма участкасындагы сел өтүүчү сай ичинин бузулган жээктерин көрдү. Анын алкагында айыл аймак башчысына тез аранын ичинде сел… Кененирээк…

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  111 миллион сом чогултушту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  111 миллион сом чогултушту. Соңку маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.   Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Бүгүн, 31-мартта юридикалык жактардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү соңуда чыгууда

Бүгүн, 31-мартта юридикалык жактардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү соңуда чыгууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.   Белгилеп кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк… Кененирээк…