“Манчестер Юнайтед” азырынча сатылбайт
“Манчестер Юнайтед” футболдук клубуна ээлик кылган америкалык бизнесмендердин үй-бүлөсү — Глейзерлер команданы сатуу ойлорунан баш тартышты. Сунуш катарлык шейх менен британиялык миллиардерден түшкөнү кабарланууда. Алар “Манчестер Юнайтедди” канчага баалашканы белгисиз, бирок Глейзерлер сумманы жактырган эмес. Америкалыктар сатуудан кеминде 6 миллиард евро түшөт күтүшкөн.