Месси карьерасын Европада эле уланткысы келет

«Пари Сен-Жермен» клубунун чабуулчусу Лионель Месси карьерасын Европада эле уланткысы келет. Массалык маалымат каражаттары жазышкандай, футболчу Аргентина, Сауд Арабия жана башка өлкөлөрдөн түшкөн сунуштарды карабайт. Буга чейин Мессиге америкалык «Интер Майами» жана саудиялык «Аль-Хилал» кызыктар экени айтылган. Эске салсак, аргентиналык ПСЖга 2021-жылдын августунда өткөн. Ага… Кененирээк…

Нью-Йоркто терезеси жок батир сатыкка чыкты

Нью-Йоркто терезеси жок батир сатыкка чыкты. Батир Манхэттенде жайгашкан. Ал үчүн 599 миң доллар сурашууда. Үй 1920-жылдары белгилүү архитектор Эмери Рот тарабынан иштелип чыккан. Риэлторлор белгилегендей, терезелердин жоктугу нормага каршы келбейт, анткени жарык люктар аркылуу кирип турат. Ошол эле учурда адистер батирдин терезелери болсо, анда… Кененирээк…

Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

Ушул жылдын 7-мартында Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат. Суу «Энесай» суу алгычында жана… Кененирээк…

«Бир айыл—бир продукт» экономикалык долбоору жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Кыргызстанда «Бир айыл — бир продукт» аталышындагы улуттук экономикалык долбоор жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында Министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» аттуу брендди түзүү тапшырылды. Долбоорго ылайык жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция чыгаруу, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү,… Кененирээк…

Фитнес тренерлер көнүгүүлөрдүн альтернативасын аташты

Фитнес тренерлер көнүгүүлөрдүн альтернативасын аташты. Эртең мененки көнүгүүлөрдүн ордуна тепкич менен өйдө-ылдый басса болот. Физикалык даярдыгы жок адам бир-эки гана кабатка шашпай баскандан башташы керек. Эксперттер ошондой эле тепкич менен көтөрүлүү кардио машыгууга барабар болгондуктан, колго оор сумкаларсыз, жай темп менен түшүп-чыгуу керек экенин белгилешет.… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кар массалары Бишкек-Ош, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолдоруна түшүшү мүмкүн. Бул трассаларда айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сакташы керек.

Биринчи Май районунда электр унааларын кубаттоочу эки станция орнотулду

Бишкектин Биринчи Май районунда электр унааларын кубаттоочу эки станция орнотулду. Мэрия билдиргендей, долбоорду ишке ашыруу райондук администрация менен бизнес борбордун кызматташтыгынын аркасында мүмкүн болду. Муниципалитет автоунаалардан чыккан түтүн экологияга зыян экенин белгилейт. Салттуу унаалардан электромобилдерге өтүү зыяндуу заттардын көлөмүн бир топ азайтууга алып келет деп… Кененирээк…

Баткен районунда бир катар административдик имараттар курулат

Баткен районунда бир катар административдик имараттар курулат. Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтен билдиришти. Курулушка Бүжүм айылынан 15 гектар жер бөлүнүп берилген. Анда “Кадастр”, “Телеком” мамлекеттик мекемелери, райондук суу чарба ишканалары, үй-бүлөлүк медицина борбору үчүн имарат куруу пландалууда. Объектилердин курулушун жыл аягына чейин бүтүрүү пландалып жатат.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан өлкө аймагында 120 тестирлөө борборун ачуу пландалууда.   Катышуучулардын саны көп болсо, борборлордун саны дагы көбөйтүлөт. Эске салсак, учурда ЖРТга каттоо жүрүүдө, ал 7-апрелге чейин уланат.

Кыргызстанда 4-марттан тарта дары-дармектерди жүгүртүүнү көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке киргизилет

Кыргызстанда 4-марттан тарта дары-дармектерди жүгүртүүнү көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке киргизилет.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, тиркемени бардык жарандар смартфонуна көчүрүп, QR-код аркылуу препарат тууралуу бардык маалыматты ала алат. Жаңычылдык кмыйзамсыз ташылган продукция менен күрөшүүгө жана дарылардын сапатын жакшыртууга жардам берет.   Андан тышкары, рынокко толук… Кененирээк…