Кыргызстанда сасык тумоо көрсөткүчү 7,5% жогорулады

Кыргызстанда сасык тумоо көрсөткүчү соңку аптада ага чейинки аптага салыштырганда 7,5% жогорулады. Бул тууралуу 6-мартта “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.   Мекеменин маалыматына караганда, 27-февралдан 6-мартка чейинки аралыкта сасык тумоо менен 5955 бейтап катталды. Бул ар бир 100 миң адамдын… Кененирээк…

Тайванда аралга эс алууга келген туристтерге акча төлөнөт

Тайванда аралга эс алууга келген туристтерге акча төлөнөт. Муну менен өлкө бийлиги коронавирус пандемиясынан кийин басаңдап калган туризмди өнүктүрүү ниетинде.   Чет элдик саякатчылар болжол менен 164 доллардан алышат. Каражат туристтик картага которулат, аны жергиликтүү мейманкана, кафе жана башка жайларда колдонсо болот.   Тактап айтканда,… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги мектеп директорлору кызматына кезектеги сынак жарыялады

Билим берүү министрлиги мектеп директорлору кызматына кезектеги сынак жарыялады. Эң көп бош орундар Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында.   Документтерди кабыл алуу мөөнөтү жана сынактын графиги тууралуу маалымат жакынкы күндөрү жарыяланат. Эске салсак, сынак директорлор 5 жылдан ашык иштеген мектептерде өткөрүлөт.

ЖК комитети Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кароону кийинкиге жылдырды

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 6-марттагы жыйынында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды.   “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырууну жана алымча-кошумчаларды киргизүүнү депутаттар бир добуштан колдоду.  … Кененирээк…

Мектептерге электрондук кезек менен балдарды биринчи класска кабыл алуу этап менен жүргүзүлөт

Мектептерге электрондук кезек менен балдарды биринчи класска кабыл алуу этап менен жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, биринчи этаптын алкагында окууга туруктуу жашаган жери боюнча – 10-апрелден 25-июнга чейин.   Экинчи этап 26-июнда башталып, 31-августка чейин уланат. Анда балдардын жашаган жери маанилүү эмес, мектептердеги бош орундарга… Кененирээк…

Бишкекте “Ак-Кула” ипподрому түрттүрүлүшү мүмкүн

Бишкекте “Ак-Кула” ипподрому түрттүрүлүшү мүмкүн. Президент комплекске барып, анан абалы менен таанышты. Өлкө башчы сапарынын жыйынтыгы менен азыркы ат майданын түрттүрүп, ордуна башка тилкеде жаңысын куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.   Ал эми азыркы объектинин ордунда көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жеңилдетилген шарттарта ипотекалык насыя берүү… Кененирээк…

Австралия тургуну 1 миллион доллар утуп алып, бирок акчасынан кол жууп кала жаздады

Австралия тургуну 1 миллион доллар утуп алып, бирок акчасынан кол жууп кала жаздады.   Даббо шаарынын тургуну лотерея билетин эртелеп сатып алып, утуш күнү эң чоң джекпотко ээ болгонун билген.   Бирок уюштуруучуларга көрсөтүү үчүн ал билетин таппай калган. Көпкө издеп, үмүтү үзүлгөндө гана капчыгынын… Кененирээк…

Бишкекте көчөлөр жуулуп баштады

Бишкекте көчөлөр жуулуп баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, линияларга 10 даана атайын техника чыгарылды.   Адистер белгилешкендей, көчөлөрдөгү чаң жана таштанды калдыктары шаардын көрүнүшүн гана бузбастан, кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 94,5 миллион сом чогултушту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 94,5 миллион сом чогултушту.   Соңку маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.   Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Кыргызстанда физикалык жактар үчүн ОСАГО киргизүүнү 2024-жылдын   1-январына чейин жылдыруу сунушталды

Кыргызстанда физикалык жактар үчүн ОСАГО киргизүүнү 2024-жылдын   1-январына чейин жылдыруу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтында жарыяланды.   Эске салсак, бардык категориядагы унаалар үчүн милдеттүү камсыздандыруу талабы ушул жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирмек.   Бирок коомчулуктун нааразычылыгынан улам,… Кененирээк…