Кытайдын Гуанчжоу шаарында жаңы кызмат пайда болду – пингвиндер менен тамактануу

Кытайдын Гуанчжоу шаарында жаңы кызмат пайда болду – пингвиндер менен тамактануу. Ресторан кардарлары үчүн 12 экзотикалык канаттуу бар. Алар атайын аквариумдун ичинде болот.   Анда пингвиндер үчүн кадимкидей кар, аска таштар жана муз бар. Каалоочулар жаныбарларга кол менен тамак берсе болот. Атайын меню бир гана… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июнда белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июнда белгилүү болот. Бул тууралуу бизге Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, тесттин жыйынтыгы бир айдан кийин чыгарылып, абитуриенттерге сертификаттар тапшырылат. Эске салсак, ЖРТ 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Учурда ага каттоо жүрүүдө.

Бишкектин Арча-Бешик конушунда кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Ал №93 мектептин базасында иштейт. novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анда мектепке чейинки билим берүү үчүн бардык шарттар каралып, 3 жаштан 5 жашка чейинки бөбөктөр кабыл алынат.   Ата-энелер бул жерге балдарын 3 саатка калтырып кетет.  … Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо онлайн форматта жүргүзүлүп жатат

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо онлайн форматта жүргүзүлүп жатат. Каттоонун жол-жобосу тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Каттоого мүмкүндүк алыш үчүн атайын системага кирүү үчүн абитуриенттер өздөрүнүн документтерин электрондук форматта жүктөшү керек. Мүмкүндүктү окуп жаткан жериндеги мисалы окууну… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоосунда электрондук добуш берүү дагы 2 аймакта өтөт

Жергиликтүү кеңеш шайлоосунда электрондук добуш берүү дагы 2 аймакта өтөт. БШКдан белгилешкендей, жаңы формат сыноо иретинде Баткен районунун Самаркандек айыл кеңешинде гана өтмөк.   Бирок Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын тургундары дагы электрондук добуш берүү системасын колдонууну суранды. Бул алардын көбү шайлоо күнү башка жерде… Кененирээк…

ПСЖнын чабуулчусу Неймар келечектеги пландары менен бөлүштү

ПСЖнын чабуулчусу Неймар келечектеги пландары менен бөлүштү. Бразилиялык оюнчуга Парижде жаккандыктан, ал башка клубка кетүү жөнүндө ойлонбойт. Белгилеп кетсек, буга чейин ПСЖ жетекчиси Неймарды сатуу тууралуу ойлонуп жатканы жарыяланган болчу.   Эске салсак, Неймардын клуб менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн.   Ал ПСЖ үчүн 29… Кененирээк…

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн эрежелери өзгөргөн жок

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн эрежелери өзгөргөн жок.   Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева Novosti.kgге билдиргендей, сынакты өткөрүү, документтердин тизмеси жана башка процедураларга өзгөрүүлөр киргизилген эмес, бардыгы буга чейинки шарттар менен өткөрүлөт.   Болгону, тесттин тапшырмалары жыл сайын жаңыдан түзүлөт, — деди… Кененирээк…

Кыргызстанда расмий түрдө жумушсуз деп катталгандардын саны 96 миңди түзөт

Кыргызстанда расмий түрдө жумушсуз деп катталгандардын саны 96 миңди түзөт. Ушул жылдын 1-февралына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.   Ведомство маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 4 пайызга төмөндөдү. Эң көп жумушсуз адамдар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына туура… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого талапкерлерди жылдыруу бүгүн түндө жыйынтыкталат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого талапкерлерди жылдыруу бүгүн түндө жыйынтыкталат. Боршайкомдон билдиришкендей, тиешелүү документтерди тапшыруу түнкү 12де токтотулат.   Эске салсак, Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт. Биринчи жолу добуш берүү процесси электрондук форматта өтөт.   Сыноо иретинде Самаркандек… Кененирээк…

Кичи базарларда соода кылгандарга товар жүгүртүүсүнөн 0,1 пайыз салык киргизүү пландалууда

Кичи базарларда соода кылгандарга товар жүгүртүүсүнөн 0,1 пайыз салык киргизүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.   Анын айтымында, ишкерлер каршылык акцияларына чыккандан кийин бийлик алардын талабын угуп, жеңилдетилген системаны сунуштады.   Бирок электрондук-транспорттук коштомо кагазды жана кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуу… Кененирээк…